Ош шаарында 20 жашар кыз 3 кызга бычак сайды
Ош шаарында мушташ учурунда мас абалдагы 20 жашар кыз 3 кызга бычак сайды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя таңкы саат 4:10 чамасында Кара-Суу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанында болгон. Окуяга чейин мушташка катышкан 8 кыз туулган күн белгилеп отурган, кийин алардын биринин тынчын алган башка кыздын үйүнө келишип, ал жерде мушташ болгон.
"1999-жылы туулган кыз бычак жана бөтөлкө көтөрүп чыгып, өз ара мушташып, жалгыз кызды ур-токмокко алышкан. Натыйжада бычак көтөрүп чыккан кыз баш аламан бычак шилтеп, үч кыздын денесине жаракат келтирген. Бирөө санынан, экинчиси балтырынан, үчүнчүсү көкүрөк тушунан жаракат алган. Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бейбаштык катары катталып, иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ош шаарында 20 жашар кыз 3 кызга бычак сайды

Орозо деп эле оозду ачып отура бериш керек бекен. Жэ эмне орозодо сени асмандан бироо келип куткармак беле. Учоолоп сабап жатса эмне кылсын. Туура эле бычак алып кылыптыр.