super.kg logo

Орусиялык музыкант Бари Алибасов оор абалда ооруканага түштү

 
Орусиялык белгилүү музыкант, композитор жана продюсер Бари Алибасов оор абалда ооруканага түштү. Чет элдик маалымат каражаттары продюсердин ашказаны күйгөнүн жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Бари Алибасов түтүк тазалоочу суюктукту суу экен деп ичип алып, ашказанын күйгүзүп алган. Мындан улам ал оор абалда Склифосовский атындагы медициналык борборго жеткирилген. Учурда анын абалы оор деп бааланып, жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Бари Алибасов 1947-жылы 6-июнда Казакстанда төрөлгөн. 1960-жылы классташтары менен биргеликте "Integral" аттуу жаз-рок тобун түзгөн. Аталган топ 22 жыл иштеген. 1989-жылы "Интеграл" тобун таратып, "Na-Na" аттуу топту түзүүгө сынак жарыялаган. Алибасов аталган топту бүгүнкү күнгө чейин жетектеп келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: