super.kg logo

70 жаштагы кемпир неберелери үчүн 52 кум жээгиндеги таштандыларды тазалаган

 

Британияда 70 жаштагы пенсионер 52 кум жээгиндеги таштандыларды тазалаган. Ал өзүнө "дүйнөнү таза кармайбыз" деген максатты коюп, ага жетүүгө аракет кылганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Британиянын Корнуолл граф ээлеген аймагынын Пэт Смит аттуу тургуну экология тууралуу тасма көргөндөн кийин коомдук жайларды таштандыдан арылтууну колго алган.

"Мен балдарымдын, неберелеримдин алдында чоң жоопкерчиликти сезип жатам. Пайдалуу иш жасашым керек. Айлана желим таштандыларга толуп калыптыр. Ар бир адам өзүнө таза болуп таштанды таштабашы керек. Чогулткан маалыматым боюнча желим 450 жылда чирип жок болот. Жыл сайын океанга 150 тонна желим таштандылар топтолот экен. Мындан улам сууда жашаган миллиондогон жандыктар өлүп, жок болот. Ушул маалыматты билип туруп жөн эле карап отура албадым. Мүшөк алдым дагы таштандыларды чогулта баштадым", - деген ал.

Пэт Смиттин таштанды чогултканы башында көпчүлүктүн талкуусуна алынган. "Өзү улгайып калган болсо, узак жолдорду басып, таштанды чогултуп эмне кылат? Таштанды чогулткусу келип жатса кум жээгин эмес өзү жашаган райондукун чогулта бербейт беле?" дегендер болгон. Бирок Пэт Смит аларга капа болгон эмес. Тескерисинче, ал улгайып калса дагы алдыга койгон максаты бар экенин айткан. Акырындан ыктыярчынын катарын толуктагандар көбөйгөн.

"Айрымдар менден карылыгымды таштанды чогултуу менен өткөрүүдөн кандай пайда табарымды сурашкан. "Ушул жашыңда узак жол жүрүп, күндүн ысыгында, суугунда оор жүк көтөрүүнүн кереги барбы?" дешкен. Дүйнөнү жакшыртуу тууралуу ой мага өтө кеч келди", - деген Смит.

Пэт Смит жергиликтүү 600 компанияны желимдерди колдонуудан баш тартууга чакырган. Анын демилгесин дээрлик бардык компания колдогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
05.06.2019. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ой кокуй оой кыргызго десе британ кемпирдин мусор тазалаганын бизге эмне кереги бар десең же кыргызстандын мусорун тазалап атабы түшүнбөйм ушу журналистерге
05.06.2019. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Farra16gsin,Муну супер дейт кызыкпасаң ХХХХ киресиңби
Модератор admin_portal түзөттү 2019-06-06 10:54:08
06.06.2019. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Farra16gsin,тушунбогон адамга тушундуруп не пайда....
06.06.2019. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Farra16gsin,Омарды тушунбосон Хаямды да тушунбойсун

05.06.2019. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Улгу алчу аял экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: