super.kg logo

Журналистке "ырайың жаккан жок" деген чиновник суроолорго толук жооп бербей, конференц залдан чыгып кетти (видео, хронология)

 

Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында журналистке "ырайыңыз жаккан жок" деген өкмөттүн Чүйдөгү ыйгарым укуктуу өкүлүнө каршы митинг өтүүдө.

Кечээ, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда суроолорго кыскача жооп берип жатып толук маалыматты КТРК телеканалына гана берерин айткан. Буга байланыштуу журналисттин "Эмнеге?" деген суроосуна ал "ырайыңыз жаккан жок" деп орой мамиле кылган.

11:00. Бүгүн митингге чыккандардын басымдуу бөлүгү - журналисттер. Алар Абдраимов кечирим сурасын деген талапты коюшууда.

11:30. Журналисттердин жоон тобу Абдраимовдун кабинетине кирүүгө аракет жасап коридорго келишти. Бул маалда облустун ыйгарым укуктуу өкүлү эшигин ичинен илип алып, чыкпай койду. Журналисттер эшикти такылдатууда, бирок эч ким чыга элек.

11:35. Өзүнүн кызматын жана аты-жөнүн тааныштыруудан баш тарткан белгисиз кызматкер Туйгунаалы Абдраимов кабинетинде чогулуш өтүп жатканын билдирди, бирок кимдерге чогулуш өтүп жатканын айткан жок. Мындан соң дагы бир кызматкер атайын зал даярдап койдук, ал жакка кирип тургула деген сунушун айтты. Журналисттер макул болбой, Абдраимовду эшиктен күтүү үчүн эшикке чыгышты.

11:48. Учурда журналисттер Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын алдында Абдраимовду күтүшүүдө.

11:50. Журналисттер администрациянын имаратына кимдир бирөөнүн чакыруусу менен кайра кирип бара жатышат. Абдраимовдун кабинетинин оозунда аппарат жетекчисимин деген адам түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, журналисттерди дагы деле ичине коё бере элек. Ал Молдакун Абдылдаев экени маалым болду. Абдылдаев Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна жооп берип, ушунчалык ачууңар келип жатса сотко кайрылгыла деди.

12:00. Ылдыйкы кабаттагы конференция өтүүчү залга түшүүнү сунуштап, журналисттерди коридордон чыгаруу аракети көрүлүп жатат. Абдраимов дагы деле журналисттердин алдына чыга элек.

12:13. Туйгунаалы Абдраимов журналисттер менен жолугушуу үчүн акыры кабинетинен чыгып конференция өткөрүлүүчү залга келди.

12:17. Туйгунаалы Абдраимов Орокто болгон окуя тууралуу жана ал жакка барганда эмне иш-чаралар жүргүзүлгөнү тууралуу айтып берип жатат. Ал сабалган өспүрүмдөрдүн абалы оор эмес болчу деди.

12:24. Абдраимов журналисттер менен кайым айтыша баштады. Журналисттердин бири Орокто жаман окуя болуп жатканын билип туруп ошол жерде "мылжыңдап" сүйлөгөнүңүз туурабы деп суроо узатты. Абдраимов буга ачуусу келип, "сен мага этикага туура келбеген суроо берип жатасың, мен мылжыңдасам, сиз келжеңдеп жатасыз" деди.

12:27. Мындан кийин Абдраимов калган журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, конференц залдан чыгып кетти.

12:35. Журналисттер Туйгунаалы Абдраимовдун берген жоопторуна канааттанышкан жок. Алар өкмөт башчыдан Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылышмакчы болушту. Журналисттер тарай башташты.


кошулду





Журналисттер Чүйдүн губернаторун кызматтан алууну талап кылышты

Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(21)
06.06.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Губернатор бирөөнүн ырайын коюп, өзүнүн кебетесин карап алсынчы. Өзүнүн кебетеси кимге окшошуп турат, билбейт бекен. Азыр айтсам чычалайт. Андип адамдын ырайына карап мамиле кылып жатса анда бул губернатор кантип иштеп жатат.
zhaku2017 түзөттү 2019-06-06 11:17:47
06.06.2019. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-25
Журналистер өзүнөр чектен чыгып кетесинер!!!
06.06.2019. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
"Ырайын жаман" дегенди кулуп айтып жатат. Копкону даана эле корунуп турат.Муну жон эле жумуштан албастан, тиги кызга компенсация толоп бериши керек, Губернатор жонокой кочодогу киши эмесда, ал олконун жузу да.Премьер кандай болсо, губернаторлору дагы ошондой.
06.06.2019. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тазза хит болду го.
06.06.2019. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушундай адамдар бизди башкарып турушат ээ. ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2019-06-06 11:44:24
06.06.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушундай адам кантип карапайым элдин койгойун чечсин.Мындай корунуш баардык мамлекеттик кызматкерлерде бар.
06.06.2019. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Копкон экен да эми ишинден кол жуудум деп коё бер.Гудбаай
06.06.2019. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азаматсынар журналистер, тойгон жеткен чиновникти уйуну узатып койгула. Жакшыыыы эс алсын сулуу катынын жанында
06.06.2019. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Денгээли томон киши экен.
06.06.2019. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ойноп суйлөсөңда ойлонуп сүйлө тилдин айынан көпчүлүгү азап жеген булда жумуштан кететко
06.06.2019. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Журналистерге жумуш табылды
06.06.2019. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чыгып кетсе жооп бербей баардык журналисттердин кебетелери жакпай калганго
06.06.2019. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жумуштан айдаптыр го Соке өзү
06.06.2019. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
У.Эгизбаев олгону менен иши олбоптур,жаш,курч,тайманбаган журналисттер пайда болуптур.Азаматсынар.
06.06.2019. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул губернаторго бир маселе менен барсан ,"сенин маселенди чечпейм,ырайын жаман экен" деши мумкун турбайбы. Уч жылкы сойуп туулган кун откозуптур,мындай копкон чиновниктерди президент,окмот эмнеге калкалап отурушат.Демек алар дагы ошондой.Бир убакта жооп бересинер.Кыргыз эли ушуларга качанкыга чейин чыдаар экен.
06.06.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
datkaaiym, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
06.06.2019. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Журналисттер да создун гулун терип суйлошунуздор керек,сиздер элдин койгойун чагылдырчу,улут уюткусун алып журо турган созмор болушунуздар керек.Чиновник кооп калган экенсин,козунду май басып!!!
06.06.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул чиновниктин ырайы суук экен,жаккан жок,жумуштан кетсин.Адамдын сырткы келбетине карап мамиле кылган адам анын проблемасын угуп,чечип бермек беле.Губернатор тескерисинче бут журналисттерди чогултуп маалымат жыйын берип элге кабарлаш керек эле кырдаалды.
06.06.2019. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Өкмөттүн өкүлү туура эмес кылыптыр кечирим сураса болмок. Журналисттер силер дагы кееде чектен чыгып кетесиңер ошону моюнуңарга алгыла "Этикетканы" сактагыла))
06.06.2019. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ким?
Красавчик губернатор,
Аааа
Кийин ушинтип эстейбиз да
07.06.2019. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Журналисттер азаматсынар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: