super.kg logo

"Күйөөм каза болуп калып 3 балам менен көчөдө калдым" деген SUPER.TV`нын каарманын ишкерлер батирге көчүрүштү

 

Буга чейин SUPER.TV "Күйөөм каза болуп калып 3 балам менен көчөдө калдым" деген Назира Элдияр кызынын тагдырын баяндаган эле.

"Жолдошум каза болуп калгандан көп өтпөй эле жалгыз тирөөчүм апам оорудан улам көз жумду. Алардын кыркылыгын бергенден кийин эле кыздарым менен көчөдө калдык. Батирдин акчасын төлөгөнгө мүмкүнчүлүгүбүз жок болгондуктан шаардын четинен вагонду ижарага алып, ушул жерде күн кечирип келе жатабыз. 3 кызымды жалгыз бакканым үчүн 2 миң 430 сом жөлөк пул алып, аны вагондун ижарасына жумшайм. Тамак-ашты мечитке ооз ачырып келгендерден алып жатабыз", - дейт Элдияр кызы.

Башынан оор тагдырды өткөрүп жаткан Назира Элдияр кызынын жашоосу тууралуу репортаж жарыялангандан 2 күн өткөндөн кийин, каарманыбыз жакшы жаңылыгы менен бөлүштү.

"Менин тагдырым тууралуу баян сиздер тарабынан жарыялангандан кийин мага ишкер байкелер байланышка чыгып, жардам берүүнү сунушташты. Алар "Дордой" базары тараптан батир ижарага алып, балдарым менен чогуу көчүрүп барганы жатышат. Буга чейин айрым оокаттарыбызды жеткиргенче, үйдү көрүп келдим. Бардык шарттары бар экен. Ээн жерде эмес, жакын арада бир топ үй-бүлөлөр жашашат экен. Коңшуларыбыз да бизге каралашып турабыз дешти.

Бизге жардам берип жаткан байкелер 2 айлык ижара акысын төлөп коюшуптур. Үй да салып бергенге аракет кылабыз дешти. Андан сырткары да жардам сунуштап байланышкандар көп болуп жатат. SUPER.TV`га жана жардам колун сунгандардын баарына терең ыраазычылыгымды билдирем", - деди Назира Элдияр кызы.






Тагдыр. "Жолдошум көк бөрүдөн каза болуп, 3 кызым менен көчөдө калдым"

Автор: Алтынай Тынышова
Оператор: Руслан Алыбаев, Кайрат Сарбагышов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
SUPER.KG видео
06.06.2019. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жардам берүүнү каалагандар 0708544728 номери аркылуу байланышса болот деп жазылып турат го аягында. Аягына чейин көрбөй эле кыйын боло бересиңерби
SUPER.KG видео
06.06.2019. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Көк бөрү десе жүрөк титирейт.Акыркы убакта жандарын ташка чаап,аябай берилишти го.Кыйратып нерсе утушса барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: