Музыкант Бари Алибасов көзүн ачты, бирок дале эсине келе элек
Ашказанын күйгүзүп алган орусиялык музыкант Бари Алибасов көзүн ачты. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар музыканттын уулуна таянып жазып чыгышты.
"Көптөн күткөн жакшы жаңылык. Атам көзүн ачты. Бирок азырынча сүйлөй албайт, эч нерсе эсинде жок. Жадакалса өзүнүн ким экенин да билбей жатат. Жакын арада эсине келет деп ишенем", - деген Алибасовдун уулу.
Учурда дарыгерлер Бари Алибасовго медициналык кароо жасап, мындан кийинки дарылануусун пландап жатканы жазылат маалыматта.
Орусиялык музыкант, композитор жана продюсер Бари Алибасов түтүк тазалоочу суюктукту суу экен деп ичип алып, ашказанын күйгүзүп алган. Анын абалы оор болгондуктан Склифосовский атындагы медициналык борбордун жандандыруу бөлүмүндө эс-учун жоготкон абалда жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aikaaaa

11.06.2019. 16:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мышыгын эстесе кайра комага түшөт
Aikaaaa түзөттү 2019-06-11 16:39:17
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.