super.kg logo

Бишкекте казакстандык продюсер, актриса Баян Максат кызы роль аткарып, продюсерлик кылган тасма көрсөтүлдү

 

Бишкек шаарына казакстандык продюсер, актриса, ырчы, алпаруучу Баян Максат кызы үй-бүлөсү менен келди. Тагыраагы, ал продюсерлик кылган жана роль аткарган "Тагдыр бекети" тасмасы Бишкек шаарындагы кинотеатрлардын биринде жабык көрсөтүлдү.

Тасма тууралуу кыскача:

23 жаштагы Улан аттуу жигит кезектеги мыйзамсыз ишин жасап, полиция кызматкерлеринен качам деп поезддин вагонуна түшүп кетет. Ал жактан Гүлназ аттуу кызды жолуктуруп, сүйүп калат. Кыз-жигиттер кудум эле бири-бири үчүн жаралгандай. Бирок тагдыр жаштарга ары оор, ары татаал сыноолорду даярдайт. Улан менен Гүлназ ак сүйүүсүн сактап калуу үчүн ал оорчулуктарды башынан өткөрүшү керек эле. Бирок кыз менен жигиттин ата-энелеринин башынан өткөргөн окуясы аларга тоскоолдук жаратат. Тасманын жүрүшүндө кызыктуу окуялар орун алат. Ал эми Улан менен Гүлназдын сүйүү баяны аяктайбы же күчөйбү тасмадан көрүүнү сунуштайбыз.

Баян Максат кызы продюсерлик кылган тасманын жабык көрсөтүүсүнө ырчы Анжелика дагы келген.

"Тагдыр бекети" тасмасы 11-июндан баштап Бишкектеги кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.






Казак продюсери Баян Максат кызы жаңы тасмасын кыргыз элине көрсөтүү үчүн үй-бүлөсү менен келди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
SUPER.KG видео
13.06.2019. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз казак бир тууган, хороший фильм, надо сходить
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: