Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгинде эл аралык айтыш өтөт
30-июнда жана 1-июлда Каракол шаарынын 150 жылдыгына, Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгына карата "Ысык-Көлүм бабалардан мурасым, Караколум дастан болуп турасың" аттуу эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эл аралык айтыштын 1-туру Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында саат 13:00дө башталат. Ал эми финалга чыккан акындардын айтышы 1-июль күнү саат 17:00дө Каракол шаарынын борбордук аянтында өтөт. Айтышка кыргыз акындарынан тышкары, Казакстандан жана Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунан келген акындардын да катышары күтүлүүдө. Жалпы байге фонду - 500 миң сом.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.