Чолпонбек Базарбаевдин небереси, балет бийчиси Канат Надырбек уулу үйлөндү













Кыргыз балет искусствосунун залкары Чолпонбек Базарбаевдин небереси Канат Надырбек уулу үйлөндү. Бул тууралуу балет бийчиси социалдык түйүндөгү жеке баракчасына сүрөтү менен бөлүшкөн. SUPER.KG порталы Канат мырзага байланышканда, ал буларга токтолду.
"Орусиялык прима-балерина Ирина Сапожникова экөөбүз 9-июнда Бишкектеги мечиттердин биринде никебизди кыйдырдык. Үйлөнүү үлпөт тоюбуз 16-июнда борбордогу тойканалардын биринде өтөт. Той кыргыздын каада-салты менен болот. Ал эми эртең, 13-июнда Кыргыз улуттук филармониясында Шанхай кызматташтык уюмуна келген өлкө башчылары үчүн концертте жубайым экөөбүз бийлейбиз", - дейт ал.
Канат Надырбек уулу - Санкт-Петербург академиялык опера жана балет театрынын бийчиси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
12

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.