super.kg logo

Бир жыл бою каалаган өлкөгө акысыз саякаттоо, бриллиант, кучак толо розалар тартууланган Анжеликанын 30 жашы (сүрөт)

 
Казакстандан келген ырчынын курбусу жана ырчы Айдана Меденова
Казакстандан келген "Ринго" тобу
Ырчынын кийип турган формасын белекке алган кичинекей күйөрманы Анжелика
Ырчынын туулган күнүнө арналган торт

12-июнда Бишкектеги тойканалардын биринде белгилүү ырчы Анжелика 30 жашына арналган юбилейлик концертин өткөрдү.

Концерт белгиленген убагынан 2 жарым саатка кеч башталды. Концертти көрүүгө келген ар бир айым кече көйнөгүн кийип, чачын жасалгалап, кадимки тойго келгендей жасанып келишти. Залда ырчынын ата-энеси, бир туугандары, чыгармачылыктан тапкан достору да отурду. Ырчы концертин "Айта берем" чыгармасы менен ачты. Зал толо келген коноктор Анжеликаны кол чабуулар менен тосуп алышты.

Эки ырды катарынан аткарган ырчы айым чыгармачылыгын колдоп келген ар бир күйөрманына ыраазычылыгын билдирип, "18 жашымда ушундай кече өткөргүм келген, бирок мага 30 жашымда буйруптур" деп концертти расмий түрдө ачты.

Шоу башталгандан тарта ырчыга кулач толо роза гүлдөр берилип баштады. Анжелика гүл берген ар бир күйөрманы менен сүрөткө түштү. Биринчилерден болуп ырчыга гүл берген Анжелика аттуу күйөрманы белекке ээ болду. Тагыраагы, ырчы кичинекей күйөрманына кийип турган формасын тартуулоону убадалады.

Анжеликаны куттуктап Казакстандан "Ринго" тобу жана жакын курбусу Айдана Меденова келди. Ырчыны курбусу туулган күнү менен куттуктап, эки ырын аткарды. Андан соң эки ырчы достугун даңазалаган "Курбум" аталышындагы жаңы ырды элге тартуулашты.

Ырчы айым концерттин экинчи бөлүгүндө ырларын жандуу үн менен ырдап берди. Анын ырларын Бек Исраилов, Айя Садырова, Талант Кадыров, Толгонай Арзыкеева кошо ырдап, туулган күнү менен куттукташты. Ырчы "Энекебай" ырын апасына кучак толо роза гүлүн берүү менен баштады. Эне-бала бул ыр жаңырып жатканда ыйлап алышты. "Ыйлабайбыз деп сүйлөшкөнбүз" деген ырчы көзүнүн жашын токтото албай ырдын экинчи куплетин ырдай албай калды. Ыр аяктап сахнага Анжеликанын ата-энеси жана инилери чыгып: "Кызыбыз кичинесинде пианино белекке алгысы келчү, биз бүгүн кыялын ишке ашырабыз", - деп пианино тапшырышты. Буга чейин ырчыга чыгармачылыктан тышкары иштеген жеке компаниясы бир жыл бою каалаган өлкөгө акысыз саякаттоо сертификатын тапшырган. Ырчы бул белегин ошол жерден "бир жыл бою силер саякаттап келгиле" деп ата-энесине тапшырды.

Бул кечеде ырчынын тун кызы Айыма жаңы ырын аткарып, сахнага апасын жана сиңдиси Элиманы чакырды. Ырчы эки кызынын чыгармачылыгын колдой турганын айтып, отурган элге ыр сунушту.

Ырчыга бул концертте көп белектер тартууланды. Курбусу Анжеликага бриллиант брошканы 30 жылдык юбилейи менен куттуктап, кийип турган көйнөгүнө такты.

Кеченин соңунда Анжеликанын концертин уюштурган жамаат бийиктиги бир метр болгон тортту тартуулашты.

Анжелика концертин жаңы жаздырган "Туулган күн" аталышындагы ыры менен аяктады. Ырчы бүгүнкү кечеге келген Анжелика аттуу кыздардын баарын сахнага чакырып, белекке келген роза гүлдөрүн аларга тартуулады. Ошондой эле ырчы залда отурган көрөрмандарын бий аянтына чакырды.

Анжелика бүгүнкү кече ар бир күйөрманына арналганын, концерт аяктаса дагы алар менен сүрөткө түшүп, бийлеп, баарлаша турганын айтты. Ал эми алып баруучу Эркин Рыскулбеков кечени расмий түрдө жаап, конокторго эркин микрофон сунду.

Сулуу болуп келген ар бир айым ырчы менен сүрөткө түшүп, бирден гүл белекке алып, жагымдуу маанайда үйлөрүнө кайтышты.






“Жаңы жашоом эми башталат”. Анжеликанын 30 жылдык юбилейинен репортаж

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(16)
13.06.2019. 07:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Барган коноктордун акчасын чогултуп актады актабады болуп атканда супердин хейтерлери жазган комментери анжеликанын кечесин которуп койду окшойт.
13.06.2019. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Самаранын караштарын
13.06.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Озунчоле бир китеп го.
13.06.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Самаранын чанына дагы жетпейт Анжелика,ырдаш жагынан
13.06.2019. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эх, ушу туулган күнүндө жакшы сөз жазгыла туугандар. Өмүрлүү бол, кыздарын менен бактылуу бол
13.06.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушул 30 жашты Урмат менен чогуу тоссо кандай сонун болмок
13.06.2019. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа жакшы кыйын кыз экенсин молодец бир келген жашоодо ушундай эле жашап отуш керек туулган кунун менен омурун узун болсун
13.06.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nur...nur., ушундай жашап өткөндөн алыс болуш керек. Анжеликанын кайсы жашоосун үлгүлүү деп эсептейсиңер
13.06.2019. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Defend.,мышык майга жетпей сасык дейт болбогулачы адамдын жакшылыгын коро албаган бечаралар, жетип алгыла жетип биринчи Анжеликаныкындай даражага а потом быдылдагыла
13.06.2019. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Avrora2017,туура ой. Көрө албастык Кыргыздар бири бирин бутунан тартып эле отурушат. Ошол мышыктай болбой бирөөнүн жакшылыгына сүйүнсөк жакшылык деле бизге келгиси келет го. Бул кыз эмгектин гана артынан ушундай концерт өткөрүп жатат. Колубуздан келсе биз дагы чоң талыкпаган эмгектин чоң үзүрүн көрүп жашайлы аракет кылып чуркап.
13.06.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыргызстандын эн таанымал айымы! Азаматсын ар дайым ийгиликтин устундо журо бер!!!
13.06.2019. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Самара Асекесинин кулагынын кужурун жей баштады болуш керек,эки жылдан кийин меникида отуз жыл болот,Анжеликаныкынан ашып тушкондой озгочо кылышыбыз керек деп))))
13.06.2019. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arlenchik,азаматсың жардың го жардың
13.06.2019. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arlenchik,менда ошентип ойлоп аткам,ошентти болуш керек деп.Чынында да ошондой болот коросунго,жакшы откорушум керек деп ар турдуу ойлорду ойлоп кетти де
14.06.2019. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай кубаныч ар бир адамга буйрусун. Ырчы катары эмес адам катарында алып караганда мага жагат аракетчил, эч качан шалбырап кол кууштуруп отурбайт.
14.06.2019. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Абдан шаң-шөкөттуу болгону менен бирөө жок абдан өкүнүчтүү...чын жүрөктөн өкүнүчтүү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: