Өзбекстандын президенти жана Индиянын премьер-министри Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келишти





Индиянын премьер-министри Нарендра Моди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргыз өлкөсүнө келди. Маалыматты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.
"Манас" эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын президентин тосуп алды.
Ал эми расмий иш сапары менен келген Индиянын премьер-министри Нарендра Модини өлкөнүн вице-премьер-министри Замирбек Аскаров тосуп алды. Индиянын премьер-министри өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуп, бир катар мамлекеттик эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

