super.kg logo

Ошто “Бакай Банктын” Ислам каржылоо борборунун расмий ачылыш аземи болду

 

2019-жылдын 13-июнунда Ош шаарында көптөн күткөн “Бакай Банктын” Ислам каржы борборунун офиси ачылды. Жаңы структура Ислам каржы борборунун бир бөлүгү катары кызмат аткарат.

"Ош шаарындагы Ислам каржылоо борборунун офиси калкка ислам принциптери боюнча альтернативдүү каржылоо кызматын көрсөтөт. Бишкекте жайгашкан Ислам каржылоо борбору бир жылдан бери банк тармагында иш жүргүзүп келет. Мындан ары ислам принциптери менен каржылоону өнүктүрүүгө түштүк региондорунда да, анын иш ичинде Ош шаарында да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул шаар түштүк аймактагы эң көп калкы бар шаар. Оштун тургундары шариятка жакын болуп эсептелет жана ислам бул аймактын жашоочуларынын салтында, үрп-адаттарында бекем сакталган. Ошондуктан бул аймакта Ислам каржылоо борборунун кызматы керектүү болот деп ойлойбуз. Мага түштүк аймактарына биздин бөлүмдөрдү ачууну суранган көптөгөн арыздар келип түшүүдө", - деп билдирди “Бакай Банк” Ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Руслан Кагиров.

Ош шаарындагы Ислам каржылоо борборунун офисинде ислам шарттары менен каржылоонун кеңири түрлөрү киргизилет. Коммерциялык ишмердүүлүктүн негизги багыттарынын бири Мурабаха - бул кардардын билдирмеси боюнча алдын ала макулдашылган үстөк баада сатып алынган товарды бөлүп төлөө шартында сатуу бүтүмү.
Каржылоонун максаты: үй тиричилик техникасы, компьютердик техникалар, байланыш каражаттары, эмеректер жана башка буюмдарды сатып алуу үчүн керектөөчүлөр каржылоо алат. Ошондой эле “Кард Хасан” керек болгон учурга чейин депозиттик эсептерди ачуу кызматтары көрсөтүлөт. Бул кызматтын шарттары боюнча кардар “Ислам каржылоо борборуна” акча каражаттын негизги суммасын гана төлөйт.

Ошондой эле Ош шаарынын жана Ош облусунун жашоочуларына “Мудараба” аталышындагы депозиттик кызматтарды сунуштайбыз. Бул кардардын Ислам каржылоо борборуна ишеним артып берген аманат акчасы. Ал эми бул борбор кардарлардын акчасын жөн гана сактап койбостон аны шариятта уруксат берилген жол менен инвестициялык долбоорлорго жумшайт. Ошондой эле андан түшкөн киреше келишимдин негизинде тараптарга бөлүштүрүлөт. Мындай жол менен Бишкек шаарына киргизилип жаткан долбоорлорду толугу менен Ошко да киргизип жатабыз.

Исламдык каржылоо төмөндөгүдөй иштейт: Керектүү кыймылсыз же кыймылдуу мүлк кардардын арызынын негизинде банк тарабынан сатылып алынат. Биздин учурда сатып алууну Бакай Банктын Ислам каржылоо борбору жүргүзөт. Андан кийин товар кардарга бөлүп төлөөгө сатылат. Бул учурда банктын кызыкчылыгы - анын соодадагы бааны жогорулатып коюу иретинде пайданы чачып таштоосунда болот. Исламдык банкингде салттуу бангкингдерден айырмаланып, соодадагы пайда мөөнөттөн гана көз каранды болот. Тактап айтканда, 1 айга, 3 айга, 1 жылга башка-башка үстөк баа болот. Ушинтип 5 жылга чейин созулат. Кененирээк биздин сайтыбыздан маалымат алса болот.

Ислам каржылоо борборунан ар бир Кыргыз жараны диний ишенимдеринен көз карандысыз кредит алса болот. Эл аралык Шарият стандарттарына ылайык, эч кандай чектөөлөр жок. Бир гана талап – кардарлардын кайтарымдуулугу.

Руслан Кагиров Исламдык банкингдин өнүгүшү "Бакай Банк" үчүн гана эмес, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы үчүн да маанилүүлүгүн кошумчалады. Биздин офистин Ош шаарында ишке киргизилүүсүнөн кийин Жалал-Абад, Талас, Өзгөн, Нарын, Баткен жана башка шаарларда Ислам каржылоо борборлорун ачууну пландап жатабыз.

Маалымдама:

Ислам каржылоо борбору - Кыргыз Республикасындагы жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги "Бакай Банк" тарабынан түзүлгөн жана ислам принциптери менен финансылык тейлөөлөрдү көрсөткөн алгачкы жана жалгыз мекеме.

Дареги:

Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 105.

Байланыш номери: +996(3222) 48481, мобилдик номер: 6111

Иш күндөрү: дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дөн баштап 17:00гө чейин

Сайт: www.ifcenter.kg

Email: office@ifcenter.kg


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.06.2019. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарибир пайыз бар экен да!
Модератор admin_media түзөттү 2019-06-14 09:42:27
14.06.2019. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Пайызга акча берген харам деп коюшуп арабтар оздору пайызга акча берип байып жатышат. Бизнес бар жерде харамынды урган жери барбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: