super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу: "Менин уулумду пара алды деген адам өзү камакта жатат, бир депутаттын мурдагы күйөө баласы болчу"

 

“Уулума карата чыгарылган Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы 10 күндүн ичинде жогорку инстанцияга арызданабыз”,- дейт “ири өлчөмдө пара алган” деп айыпталып 12 жылга эркинен ажыратылган Каныбек Бакировдун атасы, ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу. 31-июлда Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Ибраев тарабынан К.Бакировго карата 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. “Уулумдун үстүнөн арыз жазган адам өзү 2 адамды өлтүрүп, абакта отурат. Өмүр бою эркинен ажыратылган. Атын атабай эле коёюн, мени менен чогуу иштеген депутаттын мурдагы күйөө баласы болчу. Ал уулумдан карызга акча сураса, уулум берип койгон. Кийин ал алган акчасын кайтарып жатканда, атайын “пара алды” деген жалган жалаа жабышты”,- дейт депутат. Бул иш мурда эле каралып кайра жабылганын айткан депутат, мындай чечим мыйзамга ылайык келбей турганын билдирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: