super.kg logo

Саркашка акын Амантай Кутманалиев чыгармачылык кечесин өткөрөт

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү төкмө акын Амантай Кутманалиев 50 жылдык мааракесине жана чыгармачылыгынын 30 жылдыгына арналган концертке даярданып жатат. Бул тууралуу "Айтыш" коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Амантай Кутманалиев Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турчу концертин күз айларына пландап жатат. Чыгармачылык кечеде акын залкар устаттарынын чыгармаларын, алар тууралуу эскерүүлөрүн жана жеке автордук чыгармаларын элге тартуулайт.

Концертти "Эл ырчысы Эстебес" тобу, "Айтыш" коомдук фондундагы шакирттери, "Айтышкер" жаш төкмө акындар тобу жана чыгармачылыктагы үзөңгүлөш достору коштойт. Ал эми режиссёрлук милдетти улуттук филармониянын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов аркалайт.

Белгилей кетсек, Амантай Кутманалиев - эл аралык жана республикалык айтыштардын бир нече жолку жеңүүчүсү. Отуздан ашык жаш төкмө акындын устаты. "Саркашканын санаты" китебинин автору.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: