super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн парламентте экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтом долбоору каралат

 

Бүгүн, 20-июнда парламентте экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча токтом долбоору каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Ага ылайык, комиссиянын курамына:

"КСДП" фракциясынан депутаттар - Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев;

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар - Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов;

"Кыргызстан" фракциясынан депутаттар - Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов;

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат - Алтынбек Жунус уулу;

"Бир Бол" фракциясынан депутат - Бактыбек Турусбеков;

"Ата Мекен" фракциясынан депутат - Каныбек Иманалиев.

Комиссиянын отурумунда Алмазбек Атамбаевге 9 оор кылмыш боюнча айып тагылган. Кийин алардын саны алтыга кыскартылды. Алар:
1. бийликти узурпациялап, массалык маалымат каражаттарына, депутаттарга, коомдук ишмерлерге кысым жасоо жана миллиондогон сомдук доолорго жыгуу;
2. Кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууну уюштуруу;
3. Кой-Таш айылында Атамбаев турак жай салган жер тилкени мыйзамсыз сатып алуу;
4. акча адалдаган "Ака Петролеум" жана "АКА Инвест" компаниялар менен Атамбаевдин тиешеси болушу мүмкүндүгү;
5. Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча;
6. ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келген компания менен Атамбаевдин байланыштыгы боюнча.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: