super.kg logo

Экс-министр Молдомуса Конгантиевдин соту 21-июнга жылдырылды

 

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин соту 21-июнга жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин сот 19-июнь күнү саат 17:00гө белгиленген. Бирок судьянын башка соттук процесстери бар болгонуна байланыштуу соттук отурум жылдырылган.

Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши кыскартылганы жөнүндө 2018-жылдын июль айында белгилүү болгон. Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов кылмыш ишинде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылганын айтып, Молдомуса Конгантиевге болгон иш толук жабылганын билдирген.

Андан соң Башкы прокуратура Молдомуса Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин кыскарганы боюнча иликтөөнү баштап, ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен Башкы прокуратура өзүнө өткөрүп алган. Иликтөөнүн жыйынтыгы 30-ноябрда чыгып, кайра тергөө үчүн УКМКга жөнөтүлгөнү маалым болгон.

Молдомуса Конгантиевге 2010-жылдагы Апрель окуясында кызматтык ыйгарым укуктардан аша чапкандыгы үчүн айыпталган. Ал 2010-жылы Апрель окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен, кийин Орусиянын аймагында кармалып, 2010-жылдын 26-апрелинде Кыргыз мамлекетине өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: