Бишкек-Ош жолунда газ ташыган унаа кырсыкка учурап, айдоочу каза болду





Бишкек-Ош жолунда газ ташыган DAF үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай Чычкан дарыясына кулап кеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат катчысы Айбек Сатыбалдиев билдирди.
"Аталган унаа Бишкектен Жалал-Абад шаарына 15 тонналык жаратылыш газын алып бара жаткан. Бишкек-Ош автожолунун 221-800-чакырымында айдоочу, Кара-Балта шаарынын тургуну Б.А жүк ташуучу унаасын башкара албай Чычкан дарыясына кулап кеткен. Натыйжада ал кырсык болгон жерде көз жумган. Жаратылыш газы сыртка чыккан эмес, ошол бойдон сакталып турат", - деди Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.