super.kg logo

Орусияда Кыргыз мигранттардын ортосунда болгон массалык мушташка катышуучулардын аты-жөнү аныкталды

 

2019-жылдын 19-июнунда Москва шаарында Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттардын ортосунда болгон массалык мушташка катышуучулардын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган факты боюнча Кыргыз өлкөсүнүн ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан төмөнкүлөр аныкталган:

2019-жылдын 19-июнь күнү саат 05:33 чамасында полициянын нөөмөт бөлүмүнө Москва шаарынын Большая Семёновка дарегинде кебетеси азиялык болгон жарандардын ортосунда мушташ болуп жаткандыгы кабарланган. Ал окуядан улам Кыргыз жараны, Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун 1999-жылы туулган М.Н. аттуу тургуну бычактан алган жаракатынан улам каза болгон. Ал Орусиянын аймагында 2018-жылдын сентябрь айынан бери эмгектенип жүргөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, “Ысык-Көл” ресторанынын жанында эки топ болгон 10-15 кебетеси азиялык болгон жарандардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгын аныкташкан. Мындан сырткары, 3 Кыргыз жараны Москва шаарынын ооруканаларына жеткирилгендиги маалым болгон:
- Бахрушиндер атындагы шаардык клиникалык ооруканасына кабыргасы сынып, көкүрөк тушунан бычактан алган жаракаты менен Ош облусундагы Өзгөн районунда 1999-жылы туулган Кыргыз жараны;
- Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканасына бычактан белинен алган жаракаты менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2000-жылы туулган Кыргыз жараны;
- Ф.И. Иноземцев атындагы шаардык клиникалык ооруканасына башынан алган жаракаты менен Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1999-жылы туулган Кыргыз жараны түшкөн.

Жогорудагы факты боюнча Москва шаарынын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 1-бөлүмү (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада Ош облусунун Өзгөн районунун 1999-жылы туулган Ы.Н. аттуу Кыргыз жараны кылмышка шектелип кармалды. Ал 20-июнь күнү Москва шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы учурда каза болгон жигиттин туугандары тиешелүү соттук-медициналык жана башка экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин “Жүк-200дү” кичи мекенине жөнөтүү маселелери чечилип жатат.

Мындан сырткары, Орусиянын ИИМинин Москва шаарынын Соколиная гора районунун бөлүмү тарабынан мушташтын айынан денелеринен ар кандай жаракаттарды алган 3 жаран боюнча да кылмыш иши козголду. Бул факты боюнча кылмыш жасоого айыпталып, Ош облусунун Өзгөн районунда 1998-жылы туулган Кыргыз жараны К.Ч. кармалды.

Ошондой эле бул кылмыш иштерине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(18)
21.06.2019. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Кафе,ресторан ночной клуб дегендерди жабыш керек, Кыргызстандан келген кайырчы ырчылардын концерт коюсуна тыю салыш керек,иштегени келгенден кийин көчүкту кысып иштесин
21.06.2019. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Бели бешиктен чыга албай жаттып копкон акмактар. Бироонун жеринде тынч журбойсунорбу. Кыргызстанды уят кылып жатасынар. Эптеп-септеп суйролуп мектепти буттуп-бутпой Россияга кетесинер. Барып кылган ишинер ушул. Кичине сабаттуулукту уйронуп баргылачы жоок дегенде, жат жерде кандай жургонду уйронуп.
21.06.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Россиядагы кыргыздардын кафе-ресторандарын жабыш керек. Мен дагы Москвада 3 жыл болгонмун. Мен барганда тааныштар кафелерге чакырып жүрүштү, тажиктер менен, Көлдүктөр же Оштуктар менен разборка болуп жатат дешип. Мен барбадым разборкага эмес иштегени барганмын деп. Кийин чакырбай калышты. Мен деле кафе-ресторандарга барчуумун бирок күндүзү семья менен выходной күндөрү.
21.06.2019. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Негизи эле биздикилер кафеден, концерттен чыккандан кийин дайыма мушташат. Буга жоолоп кетуу, бироосунун кызы менен бийлеп коюу себеп болот.
Кыргызстандан келип, иштеп 40-50 мин зарплата алгандан кийин эле канаттары жайылып, керсейип чыга келишет, акчаны ушулар эле таап аткансып.
Эгер спорт менен машыгып коюшса болду анда, тим эле зоокур болуп чыга келишет.
21.06.2019. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кысып журбойсунорбу,бирөөнүн жеринде,акмактар;(
21.06.2019. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Биздин сабаты жок бокмурундар келип алып,бут кыргызды шерменде кылып бутмой болду.Кайда барба биздикилер сууга чогуп атканы,такси менен авария болуп атканы,кафелерде биринин этин бир жеп атканы,бирин тоноп атканы.Кичине сабаттуу и ыймандуу болуп кочукту кысып эле жургулочу торт сом таап алып адырандабай !!!
21.06.2019. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Электрозаводск метродогу Ысык кол рестораны слишком эле бардак жер. Кудайдан жоо качкандар барат.
21.06.2019. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
taalay25,айтпа брат биз дагы барып мушташып атып еле келгенбиз
22.06.2019. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эй ЫН менен КЧ жон журбойсунорбу? МН нын убалына калыпсынар жапжаш кезинде.
22.06.2019. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
al-abu-kinesz, туура
22.06.2019. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шумдук такталыптыр ээ кс хз мт тс деп
22.06.2019. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жапжаш бча кете берди. Ыйманы салабат болсун! Биз ,аксылыктар колдон келген жардамыбызды бердик.

Күнөөлүүлөр өз кылмышына ылайык жазаларын алышса экен эми.
22.06.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бирөө өлдү, башкасы майып, кимдир бирөөсү түрмөгө кетет.... Ушул керек беле.... эх.
22.06.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карангылык сабатсыздыктын ичкиликтин айынан болуп жатат созус муштум менен чечиш керек аягы ушул
22.06.2019. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жиндилер. Неге эркектер ушундай а. Деги эле Эркек аттуулар ушундай. Толпа кылып салат. Бөлүштүрүү жок. Бөлүштүрөм деген адамды ла сабап салат. Күчү жетпесе Бычак кармайт. Тообаа Эркектерге ынсап берсин. Туурусу ушундай МосквадагыКыргыздардын Кафелери.
Жаап салуу керек.
20-21жаштагы балдар каны кайнап турган маалыда булардын.
22.06.2019. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aszyma,ал жерде эркекче да болбоптур. Мушташса эркекче мушташбайбы бычактабай
22.06.2019. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энесин сыздатып кетти.
Биримдиктүү болуп эле жүрбөйбү. Кетип жатып кичине бир жер эле тийип кетсе болду. Ал атайылап жасады деп, Майдадан башталып отуруп, аягы жаман окуяга айланып кетет.
Урматтуу окугандар Үканарга Аканарга деги эле Эркек аттууларга айткылачы эч Урушуп толпага албасын,бычак кармабасын, Кафе,Ресторандарга барбасын АШ,ГАП жегенди токтотуу керек.
22.06.2019. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдуктуулар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: