Грузиядагы митинг. Парламенттин спикери отставкага кетти
Ираклий Кобахидзе

Грузиянын парламентинин төрагасы Ираклий Кобахидзе отставкага кетти. Бул тууралуу "Грузиянын кыялы" партиясынын башкы катчысы Каха Каладзеге таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Кабыл алынган чечим - эл алдындагы жоопкерчилик", - деди Каладзе.
Бул жумада өлкөнүн борбор калаасы Тбилисиде Парламенттер аралык православ ассамблеясы өткөн. Анда бул ассамблеянын президенти Сергей Гаврилов баштаган Орусиядан келген делегация катышкан. Гаврилов парламенттин төрагасынын креслосунда отуруп сессияны баштаганына нааразы болуп, 10 миңге жакын адам Тбилисиде митингге чыккан. Алар парламенттин төрагасын жана өкмөттүн отставкасын талап кылышкан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги митингчилерди "радикалдар" деп атап аракеттерин сынга алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:31
2025-10-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Chungyz

21.06.2019. 18:53
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматтар чимкириктерди ордуна койгула
zhaku2017

21.06.2019. 19:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биздин 120 ч-тин кол тийгистигин жана баардык артыкчылыктарын алуу боюнча петиция баштайбыз. Депуттар кудай бекен. Жөнөкөй жарандарды адам катары көрүшпөйт экен.
Azatbek.Svoboda.

22.06.2019. 17:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздикилерди кет десенда кетишпейт мени эл шайлаган дешет!Элдер кетсин десе анда менин акчамды силер жеп шайлагансынар кыскасы мен креслону акчага сатып алгам каалаганымды кылам дешет!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-06-22 17:24:54
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.