super.kg logo

ИИМ Азиз Батукаевди абактан бошотуу чечимин чыгарган сот үй камагына чыгарылганын четке какты

 

2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу чечимин чыгарган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовдун үстүнөн сотко чейинки териштирүү башталганы маалымдалган. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары сот үй камагына чыгарылганын жазышты. Маалыматты ИИМ четке какты.

Белгилүү болгондой, тергөө иштеринин алкагында ал суракка чакырылган. Андан кийин анын баш коргоо чарасы каралып, Эрматов 2 ай камакка алынды.

Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматовго карата 331-берененин 1-бөлүгү (акыйкат эмес чечим чыгаруу) жана "Коррупция" беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталган. Сотко чейинки иштерди алып баруу УКМКнын тергөө башкармалыгына берилген.

Жапар Эрматов Нарын облусунун райондор аралык сотунун төрагасы болуп иштеп жаткан.

Окуянын чоо-жайы:

Мындан 6 жыл мурун Нарын шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2019-жылдын январь айынан тартып кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши кайрадан карала баштаганын айткан.

3-майда дарыгер-онколог Эмил Макимбетов жана лаборант Ирина Цопова, 6-майда Жазаларды аткаруу кызматынын медициналык-санитардык камсыздоону уюштуруу башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Акылбек Асанов, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Канат Бектемиров жана №47 колониянын борбордук ооруканасынын башкы дарыгери Фархад Атахожаев, 15-майда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, 21-майда мурдагы вице-премьер Шамиль Атаханов, 30-майда ошол кездеги атайын прокурор Майрамбек Акматалиев, 3-июнда мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, 19-июнда өкмөттүн аппаратынын коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Марат Бекенов, 24-июнда Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынган.

Мындан тышкары 7-июнда Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы башчысы, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев суракка алынып жаткан учурда ооруканага түшкөн.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
24.06.2019. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коррупцияны жок кылуу мумкун эмес,бирок курошпосок кобойо берет.
24.06.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Ак үйдө олтурган 120га мыйзам иштебесе кантип коррупцияны жеңесиң. Өздөрү кааланган убакта Баш мыйзамды бузуп жатышса карапайым элде жашоо оңолбойт. Кошомотчылык ушунчалык өнүгүптүр.
24.06.2019. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы катары Батукаев маселесине туздон туз ушул адам баарына жооптуу жана баарын эн жакшы билет кимден буйрук болгонун баарын.
24.06.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттар кааласа законду бузуп, кааласа бир мунотто озгорто коюшуп ушул туурабы. Кааласак муну кылабыз кааласак тигини кылабыз дешип, булар эмне мамлекетти менчиктеп алышканбы же ак уйду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: