"Эгер мен тирүү калбасам, ата-апа сиздерди жакшы көрөм". Арыс шаарынан ыйлап кайрылуу жасаган жоокер
Социалдык тармактарда Казакстандагы жарылуу катталган Арыс шаарынан аскер ыйлап ата-энесине кайрылуу жасаган видео тарады.
Видеодо аскер кийимин кийген жигит ата-энесине кайрылуу жасап "Эгер мен тирүү калбасам, ата-апа сиздерди жакшы көрөм" деп айтканын угууга болот. Ал учурда арт жагында дагы бир жарылуу болгону видеого түшүп калган.
Бүгүн, 24-июнь эртең мененки саат 09:20 чамасында Арыс шаарынын аймагында жайгашкан аскердик бөлүктөгү кампалардын биринде жарылуу орун алып, шаар тургундары башка аймакка көчүрүлгөн. Видеодогу аскердин аты-жөнү жана абалы тууралуу азырынча так маалымат тарай элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:32
2026-02-23
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Анан Ураа-Ураа деп чыгып мусор тазалап баштайсын.
ЫЙ менен душманды женмек беле.
Азыр болсо дук этсе эле шымын булгап кой жаздап ыйлап салам жолдоп баштайт.