super.kg logo

ТЕСТ: Зарыл ишиң болбосо да Баткенге бир барып кел

 

Баткен - өлкөнүн түштүк-батышында жайгашкан жаш облус. Аймактагы тургундардын жашоо шарты, маданияты, сүйлөгөн сөздөрүндө айырмачылыктар бар экени белгилүү. "Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар?" деген сөздү уккан чыгарасыз. Дал ошол Зардалы Баткенде жайгашкан. Өзүнө гана таандык болгон өзгөчөлүгүн көрө билүү үчүн бир барып келген оң. Алгач Баткен тууралуу эмнелерди билериңизди текшерүү үчүн тесттен өтүп көрүңүз. Өрүк бышып турган маалда өрүкзарга ээрчишип барганга не жетсин.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Баткенде жолдо чогуу бара жаткан киши "чай ичебиз" десе эмне кылуу керек?

Баарлашуу бүткөндө Баткенде көбүнчө "үйгө жүрүңүз", "чай ичип кетиңиз" же "чай ичебиз" деп айтышат.

Кийинки суроо


Суусаган экен деп чай берүү керек
Баарлашуу бүткөнүн түшүнүп коштошуу керек
Кафеге барууну сунуштоо керек

Баткенде жашагандардын көбү кандай өрүктү жешпейт?

Баргек өрүк алтын күкүрт менен ыштап, андан соң данегинен бөлүнүп кургатылат. Сатыкка чыгарылып турат. Баткенде жашагандар баргек өрүккө караганда жөн эле күнгө какталып кургатылган өрүктү көбүрөөк жешет.

Кийинки суроо


Көк өрүк
Жаңы терилген өрүк
Өрүк как
Баргек өрүк

Баткенде келген конокторго дасторкон жайылып, бирок мөмө-жемиштер көп коюлбайт. Себеби?..

Дээрлик ар бир үйдө мөмө-жемиш бар.

Кийинки суроо


Алар мөмө-жемиш жешпейт
Дээрлик ар бир үйдө мөмө-жемиш бар
Мөмө-жемиш жалаң экспорттолот

Баткенде пичан башталды. Эмне тууралуу сөз болуп жатат?

Талаада тоют чөптөрүн жыйноо башталганын Баткенде пичан деп коюшат.

Кийинки суроо


Талаада тоют чөптөрүн жыйноо башталганы тууралуу
Жайлоодо койлордун жүнүн кыркуу башталганы тууралуу
Эгин-тегинди жыйноо башталганы тууралуу

"Аяш авам паншакты алып мака паяны жыйнаганы кетти". Сүйлөмдүн адабий нормадагы туура формасы кандай?

Баткенде эркек балдар агасынын досторуна аяш ава, аяш ака деп кайрылышат. Паншак же пайшак абадий нормада - бешилик, айры деп айтылат. Мака пая - жүгөрүнүн сөңгөгү. Гозо пая болсо пахтанын сөңгөгү.

Кийинки суроо


Агамдын досу бешиликти алып, жүгөрүнүн сөңгөгүн жыйнаганы кетти
Агам бышкан жүгөрүнү оргону кетти
Агамдын досу мүшөктү алып жүгөрү жыйноого кетти

Баткенге барарда "Сары кыздын тоюна" чакыруу алсаңыз эмне кыласыз?

Баткенде өрүк бышкан учурду сары кыздын тою болуп жатат деп коюшат.

Кийинки суроо


Үлпөн той болорун түшүнөм
Айгүл гүлү гүлдөгөнүн угам
Өрүк бышкан маал экенин билем

Баткен облусунда жашагандар кайсы транспортту көп колдонушат?

Айыл-чарбада көп колдонулгандыктан учурда көпчүлүк жашоочулар Портерди пайдаланып келишет.

Кийинки суроо


Трактор
Портер
Автобус

Төмөнкү сөздөрдүн кайсынысы Баткенде ашканада колдонулат?

Жооптордогу сөздөрдүн адабий нормада айтылышы: Илаган - табак, каса - чыны, капкил - депкир, кепкил. Калит - ачкыч, чара - дагара, толто - тыбыт. Камзир - чыптама, сыйыр - уй, жаван - жыгачтан жасалган сандык.

Кийинки суроо


Илаган, каса, капкил
Калит, чара, толто
Камзир, сыйыр, жаван

Паскы маалада турган мошин зор экен аа? Адабий нормага ылайык вариантты тандаңыз.

Паскы маала, мошин, зор - Баткен диалектисинде колдонулган сөздөр. Адабий нормасы: Паскы маала - төмөнкү айыл, ылдый жактагы айыл. Мошин - машина, унаа. Зор - сонун, мыкты.

Кийинки суроо


Короодо турган унаа чоң экен ээ?
Сатыкта турган унаалар көп экен ээ?
Ылдый жактагы айылда турган унаа сонун экен ээ?

Топту эгизге тепсем жарылып калды. Адабий нормага ылайык вариантты тандаңыз.

Эгиз - Баткен диалектисинде колдонулган сөз. Адабий нормада - бийик, жогору, өйдө дегенди түшүндүрөт. Мисалы, волейбол ойногондо топту эгизирээк көтөр. Балдар кармап албашы үчүн дарыны эгизге кой.

Кийинки суроо


Топту эгиз түгөйүмө берсем жарылып калды
Топту бийик тепсем жарылып калды
Топту дарбазага тепсем жарылып калды

Насвайды Баткенде кайсы ооруга шыпаа катары пайдаланышат?

Насвайды Баткен аймагында көп өндүрүшөт. Аны тиш ооруганда ооруну басуучу каражат катары колдонгондор бар.

Кийинки суроо


Депрессияга
Тиш ооруга
Кызамыкка

Баткенде үлпөт тойдо кыздын ата-энеси күйөө балага кайсы кийимди кошуп берет?

Кыздын ата-энеси күйөө балага жашыл түстөгү чапанды кийитке кошуп берет. Кара түстөгү чапанды орто жаштагы кишилер жана аксакалдар киет.

Кийинки суроо


Оюлар түшүрүлгөн чыптама
Жашыл түстөгү чапан
Токулган жемпир

Баткенде той-аштарда кыргыздын кайсы улуттук тамагы дээрлик жасалбайт?

Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында аш-тойлордо палоо, шорпо жасалат. Боорсок да каттама, оймо, чак-чактын катарында дасторконго коюлат. Ал эми беш бармак той-аштарда конокторго көп тартыла бербейт.

Кийинки суроо


Палоо
Боорсок
Беш бармак

Баткен облусунда кайсы шаардагы аэропорт иштебейт?

Баткен жана Исфана шаарларындагы аэропорттор ички каттамдарды кабыл алышат. Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт дээрлик 20 жылдан бери иштебей турат.

Кийинки суроо


Кызыл-Кыя
Исфана
Баткен

Баткендин Оштон бөлүнүп, өзүнчө облус макамын алышына эмне себеп болгон?

1999-жылы июль айынын соңунда диний экстремисттердин тобу Баткен аймагына кирип, өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Ошол жылы күзүндө согушкерлер жок кылынгандан кийин жогорудагы окуяга байланыштуу экс-президент Аскар Акаевдин буйругу менен Баткен району облус макамын алып, Ош облусунан бөлүнгөн.

Кийинки суроо


Жашоочулардын санынын көбөйгөнү
Ош коогалаңы
Баткен согушу

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(58)
29.06.2019. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин упайым 100 % эле болду. "Паншак" эмес "Пайшак" деп айтат.
30.06.2019. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ABAkg86,Эгиздеги кыштактагылар паншак паски кыштактагылар пайшак дешсе керек.
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-06-30 16:29:43
29.06.2019. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Баткен алгаа
29.06.2019. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
60упай таластык болсомда анча мынча билет экем!
29.06.2019. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
54
29.06.2019. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
47 тилим буралып калды,менин Баткендик досторум мындай суйлобойт эле да
30.06.2019. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
lightning57,Анда сен нак Джергеталдан окшойсун.
29.06.2019. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баткенде паншак, мошин дебейт. Лейлекте айтышат. Бизде бешилик, машина эле дейт. Калган создор айылда колдонуп эле жургон создор. Башка область жактарга чыксак адабий тилде суйлойбуз, озубуз жакта озубуздун тилде суйлошобуз.Биз ушундайбыз Баткендиктер.
29.06.2019. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Stervashka,Лейлекте айтса да айрымасы эмне?Баарибир алар да Баткен областына караган райондор да...
29.06.2019. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Stervashka,бизде деле (Лейлекте)"мошин" деген сөз жок.Ал эми "паншак"-дегениң туура,Лейлекте айтат.Жалпысынан Баткен облусуна тиешелүү сөздөр экен.
30.06.2019. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Stervashka,мошин деп Кыргызстандын эч жеринде айтпаса керек
30.06.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Stervashka,Лейлек эмне Баткенге кирбейби? Баардыгынар Баткен обласына карайсынар.Дагын мен Ошко карайм деп алба.
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-06-30 16:30:29
29.06.2019. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
67 балл,мен тушунбогон создору коп экен
29.06.2019. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
87 балл топтопмун. Өзүм Баткенчи болсомда пичан деген сөздү биринчи жолу угушум экен.
orun түзөттү 2019-06-29 10:05:12
29.06.2019. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
67
29.06.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
"Аяш Авалар"дегендеер эгер ош жалал абадан болсонор силер шылдындап кулбосонорда болот))силерде "Аяш Ака"дейт.Ака бул таптаза озбекче Ава деген кыпкыргызча талашпагыла колдуктор деле ава дегендери коп))
29.06.2019. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
80Баткендик болбосом да
29.06.2019. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Жалал-Абаддан болом Баткенге гурппалаш кызымдын уйуно баргам. Баткендиктер сонун калк келишет мага алардын
сый урматы абадан жакты. кыскасы 10 кун журдум 10 кун сыйлашты туркун тамактар менен коноко алып барышып жатты.
29.06.2019. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
А менде 87 балл

29.06.2019. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздын таза тили Памир менен Зардалыда эле калган.Чычалабагыла мисалы озунордун торогон эненерди апа деп айтасынар калганын жон эле койгула.Кыргызда ата-эне деп айтылат.же ата-апалардын чогулушу дегенди уктунар беле. Баткенге коп сайыла бербегиле. Манасытын жумурткплары.Биз Маснастын тукумдары болобуз.
29.06.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Tolkun555,ой боорду эзбечи Манас тукумдарывыз деп
30.06.2019. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Tolkun555,Силер Аяш аванардын тукумдары болсонор керек!
29.06.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
100бал
29.06.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
34. Бешбармак жебеген эл да кыргызбы. Барбай эле койдум баткенинерге.
29.06.2019. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
katerina.li,сени эч ким куткон деле жок
30.06.2019. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
katerina.li,Кочуп кетип Чуйго эми Баткенди чанба!
29.06.2019. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
100% Баткенден болом да
29.06.2019. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Паскы маала,ойдонку маала деген бар.мошин деп Тажикистандан качкын болуп келген кыргыздар айтат. Пичан дегенди биринчи угушум. Бешиликти бешилик эле дейбиз.бутулканы ИШЕ дейбиз аны да кошуп койбопсунар.
29.06.2019. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
94
29.06.2019. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткендик болсомда анча мынча созду эми уктумго ойунарга келгенин жаза бересинерби
29.06.2019. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
60
29.06.2019. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
67балл
30.06.2019. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
74% Кээ бир создорун укбаган экенмин Баткендин! Эми ар кайсы областын озунун диалектиси бар да не стоить пихать озунордун обласынардын диалектисин! Бар болгула Баткендик Туугандар! Бирок мен дагы укканмын Памирлик Кыргыздар накта Кыргызча суйлошот деп!
30.06.2019. 06:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Менде бир ката болду ошондо канча балл болот,менде жыйынтыкты корсотпой жатат нервди кашайтып
30.06.2019. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
87% Баткенден болом бирок
Кээ бир создорун колдонбойт экенбиз
30.06.2019. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
87 пайыз. Аксыдан.
30.06.2019. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тияк бияк деген дагы соз жок адабий тилде ар кимин ар нерсени суйлоп болунуштун кереги.Кыргызстан дагы кичине мамлекетпиз башка олколордо 20-30 млн калкыбыз болгондо согушуп жатып калмакпыз. Бекеринен Кыргызстан жок болуп кете турган мамлекеттердин катарында турбасак керек.
30.06.2019. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пишекти паншак менен сайып олтуруп лингага салып бургап жугордум. Ушуну которуп коргуло.
09.07.2019. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ahun72,
29.07.2020. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ahun72,Мышыкты бешилик менен сайып отуруп,капка салып ыргытып жибердим деген болобу?

24.09.2019. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нарындык болсом да 87 упай алдым. Жыйынтыгы иий десе Баткендик болосун го дейт го
08.04.2020. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лейлекте мошин деген сөз жок машына дейт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: