super.kg logo

ТЕСТ: Зарыл ишиң болбосо да Баткенге бир барып кел

 

Баткен - өлкөнүн түштүк-батышында жайгашкан жаш облус. Аймактагы тургундардын жашоо шарты, маданияты, сүйлөгөн сөздөрүндө айырмачылыктар бар экени белгилүү. "Зарыл ишиң болбосо Зардалыда эмне бар?" деген сөздү уккан чыгарасыз. Дал ошол Зардалы Баткенде жайгашкан. Өзүнө гана таандык болгон өзгөчөлүгүн көрө билүү үчүн бир барып келген оң. Алгач Баткен тууралуу эмнелерди билериңизди текшерүү үчүн тесттен өтүп көрүңүз. Өрүк бышып турган маалда өрүкзарга ээрчишип барганга не жетсин.


кошулду





1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Баткенде жолдо чогуу бара жаткан киши "чай ичебиз" десе эмне кылуу керек?

Баарлашуу бүткөндө Баткенде көбүнчө "үйгө жүрүңүз", "чай ичип кетиңиз" же "чай ичебиз" деп айтышат.

Кийинки суроо


Суусаган экен деп чай берүү керек
Баарлашуу бүткөнүн түшүнүп коштошуу керек
Кафеге барууну сунуштоо керек

Баткенде жашагандардын көбү кандай өрүктү жешпейт?

Баргек өрүк алтын күкүрт менен ыштап, андан соң данегинен бөлүнүп кургатылат. Сатыкка чыгарылып турат. Баткенде жашагандар баргек өрүккө караганда жөн эле күнгө какталып кургатылган өрүктү көбүрөөк жешет.

Кийинки суроо


Көк өрүк
Жаңы терилген өрүк
Өрүк как
Баргек өрүк

Баткенде келген конокторго дасторкон жайылып, бирок мөмө-жемиштер көп коюлбайт. Себеби?..

Дээрлик ар бир үйдө мөмө-жемиш бар.

Кийинки суроо


Алар мөмө-жемиш жешпейт
Дээрлик ар бир үйдө мөмө-жемиш бар
Мөмө-жемиш жалаң экспорттолот

Баткенде пичан башталды. Эмне тууралуу сөз болуп жатат?

Талаада тоют чөптөрүн жыйноо башталганын Баткенде пичан деп коюшат.

Кийинки суроо


Талаада тоют чөптөрүн жыйноо башталганы тууралуу
Жайлоодо койлордун жүнүн кыркуу башталганы тууралуу
Эгин-тегинди жыйноо башталганы тууралуу

"Аяш авам паншакты алып мака паяны жыйнаганы кетти". Сүйлөмдүн адабий нормадагы туура формасы кандай?

Баткенде эркек балдар агасынын досторуна аяш ава, аяш ака деп кайрылышат. Паншак же пайшак абадий нормада - бешилик, айры деп айтылат. Мака пая - жүгөрүнүн сөңгөгү. Гозо пая болсо пахтанын сөңгөгү.

Кийинки суроо


Агамдын досу бешиликти алып, жүгөрүнүн сөңгөгүн жыйнаганы кетти
Агам бышкан жүгөрүнү оргону кетти
Агамдын досу мүшөктү алып жүгөрү жыйноого кетти

Баткенге барарда "Сары кыздын тоюна" чакыруу алсаңыз эмне кыласыз?

Баткенде өрүк бышкан учурду сары кыздын тою болуп жатат деп коюшат.

Кийинки суроо


Үлпөн той болорун түшүнөм
Айгүл гүлү гүлдөгөнүн угам
Өрүк бышкан маал экенин билем

Баткен облусунда жашагандар кайсы транспортту көп колдонушат?

Айыл-чарбада көп колдонулгандыктан учурда көпчүлүк жашоочулар Портерди пайдаланып келишет.

Кийинки суроо


Трактор
Портер
Автобус

Төмөнкү сөздөрдүн кайсынысы Баткенде ашканада колдонулат?

Жооптордогу сөздөрдүн адабий нормада айтылышы: Илаган - табак, каса - чыны, капкил - депкир, кепкил. Калит - ачкыч, чара - дагара, толто - тыбыт. Камзир - чыптама, сыйыр - уй, жаван - жыгачтан жасалган сандык.

Кийинки суроо


Илаган, каса, капкил
Калит, чара, толто
Камзир, сыйыр, жаван

Паскы маалада турган мошин зор экен аа? Адабий нормага ылайык вариантты тандаңыз.

Паскы маала, мошин, зор - Баткен диалектисинде колдонулган сөздөр. Адабий нормасы: Паскы маала - төмөнкү айыл, ылдый жактагы айыл. Мошин - машина, унаа. Зор - сонун, мыкты.

Кийинки суроо


Короодо турган унаа чоң экен ээ?
Сатыкта турган унаалар көп экен ээ?
Ылдый жактагы айылда турган унаа сонун экен ээ?

Топту эгизге тепсем жарылып калды. Адабий нормага ылайык вариантты тандаңыз.

Эгиз - Баткен диалектисинде колдонулган сөз. Адабий нормада - бийик, жогору, өйдө дегенди түшүндүрөт. Мисалы, волейбол ойногондо топту эгизирээк көтөр. Балдар кармап албашы үчүн дарыны эгизге кой.

Кийинки суроо


Топту эгиз түгөйүмө берсем жарылып калды
Топту бийик тепсем жарылып калды
Топту дарбазага тепсем жарылып калды

Насвайды Баткенде кайсы ооруга шыпаа катары пайдаланышат?

Насвайды Баткен аймагында көп өндүрүшөт. Аны тиш ооруганда ооруну басуучу каражат катары колдонгондор бар.

Кийинки суроо


Депрессияга
Тиш ооруга
Кызамыкка

Баткенде үлпөт тойдо кыздын ата-энеси күйөө балага кайсы кийимди кошуп берет?

Кыздын ата-энеси күйөө балага жашыл түстөгү чапанды кийитке кошуп берет. Кара түстөгү чапанды орто жаштагы кишилер жана аксакалдар киет.

Кийинки суроо


Оюлар түшүрүлгөн чыптама
Жашыл түстөгү чапан
Токулган жемпир

Баткенде той-аштарда кыргыздын кайсы улуттук тамагы дээрлик жасалбайт?

Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында аш-тойлордо палоо, шорпо жасалат. Боорсок да каттама, оймо, чак-чактын катарында дасторконго коюлат. Ал эми беш бармак той-аштарда конокторго көп тартыла бербейт.

Кийинки суроо


Палоо
Боорсок
Беш бармак

Баткен облусунда кайсы шаардагы аэропорт иштебейт?

Баткен жана Исфана шаарларындагы аэропорттор ички каттамдарды кабыл алышат. Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт дээрлик 20 жылдан бери иштебей турат.

Кийинки суроо


Кызыл-Кыя
Исфана
Баткен

Баткендин Оштон бөлүнүп, өзүнчө облус макамын алышына эмне себеп болгон?

1999-жылы июль айынын соңунда диний экстремисттердин тобу Баткен аймагына кирип, өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Ошол жылы күзүндө согушкерлер жок кылынгандан кийин жогорудагы окуяга байланыштуу экс-президент Аскар Акаевдин буйругу менен Баткен району облус макамын алып, Ош облусунан бөлүнгөн.

Кийинки суроо


Жашоочулардын санынын көбөйгөнү
Ош коогалаңы
Баткен согушу

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(58)
28.06.2019. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аяш аваларды жаман паска тээпсинер го, тестинер менен!
28.06.2019. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Sakubek,Паска теппей эле,болгон нерсени жазышыптыр,алардын диалекти ошондой да,кээ бир билбегендер билип алды эми
28.06.2019. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жыргап алдым го өзүмдүн диалектикамды окуп алып))))Айрыкча акыркы суроо көңүлдү көтөрөт да))))
28.06.2019. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
47, аай Баткендиктер силер такыр эле эгемен Баткенстан болуп алышынар керек экен)))
29.06.2019. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Romantik. Эгер кыргыз тилинин стандарты түзүлүп жатканда, ошол убактагы мамлекетти башкаргандар баткендиктер болгондо анда адабий тилибиз баткен диалектиси менен түзүлмөк. Ал талашсыз нерсе. Мисалы тил түркүмдөрү түзүлүп жатканда түрктөрдү дүйнө эли көбүрөөк тааныганы үчүн түрк тил түркүмү деп аталып калган. Аны кээ бир түркөйлөр түрктөн тараганбыз деп алышкан. Ар бир диалектини кыргыз тилине киргизүү керек. Ошондо биздин тил да байыйт, жана бири-бирин түшүнүү оңой болот.
29.06.2019. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dalil,туура айтасың. Кыргыз адабий тилин илгери кайсы окумуштуу жазса ошол адамдын туулуп өскөн айылынын диалектикасы жазылып калган. Мисалы Ошто алар дегенди олор деп да айтышат. Олор деп енисей кыргыздары сүйлөгөн.кыргыз адабий тилин жазган адам баткенден болгондо баткен диалектиси улуттук адабий тил болмок
30.06.2019. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Dalil, увахахаа, актанбачы алтыным
28.06.2019. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
94 балл Баткенденминда
28.06.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
74
Жакшы эле билет экем)))
28.06.2019. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
80 балл
28.06.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Болунбойлу .Кыргызым бар болгула.
28.06.2019. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
87.Озум Баткенден болсомда кээ бир создор биздин айылда колдонулбайт экен.Мисалы бешиликти бешилик эле дейт бизде.Жалпылап алганда жагымдуу болду.;)
30.06.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
G.O.A.T,Озундун созуно озун тушундунбу? Эгизде андай соз жок окшойт аяш ава.
29.06.2019. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жуда ашырып жугорушуптур ама, озум Баткендик болуп Пичан деген созду биринчи жолу угушум
29.06.2019. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
54
30.06.2019. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Muzik,Менда Баткенчимин калп эле билмексен боло бербечи пичан деген соз бизде бар.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: