super.kg logo

Подмосковьеде заводдо иштеген Тажикстандын 100гө жакын жараны тамакка ууланып калды

 

Подмосковьеде заводдо иштеген Тажикстандын 100гө жакын жараны тамакка ууланып калды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя "Одинцово" заводунда орун алган. Анда кечки тамактануудан кийин 100гө жакын адамдын ичи катуу ооруп, өздөрүн начар сезе баштаган.

"Кечки тамактануудан кийин айрым кызматкерлер эс-учун жоготуп койгон. Алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлүп, жакынкы ооруканага жеткирилген. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, заводдун ашканасынын кызматкерлери тамак-аш даярдоодо убактысы өтүп кеткен азык-түлүктөрдү колдонуп келишкен. Учурда бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(1)
25.06.2019. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарым, Аллаh берген байлыктарым,
Издесемда эч табылгыс алтындарым.
Жашоодо силерди деп жашап келем,
Силер үчүн Аллаhка жаным берем!

Жашоодо жөлөк болгун бир-бириңе,
Ынтымак, ыйман берсин ар бириңе.
Эч качан катуу сүйлөп капа кылбай,
Сыйлашып жашагыла бул дүйнөдө!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: