Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болуп калды
Ысык-Көлдө 3 жаштагы бала сүннөткө отургузуу учурунда каза болуп калды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июнда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 9-июнь күнү ооруканалардын биринде орун алган. Анда сүннөткө отургузуу үчүн жалпы наркоз сайылгандан кийин баланын аллергиясы башталган.
"Балага наркоз сайылгандан кийин өтө күчтүү жалпы реакция анафилаксиялык шок жүрүп кеткен. Мындан улам бала каза болуп калган. Сүннөткө отургуза турган дарыгер ал ооруканада көп жылдан бери иштеп келген. Учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө", - деп билдиришти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жаман болуптур,Жакындарына САБР!
Ошонун озундо коркуп ыйласа керек деп кандайдыр Бир обезболивающий укол берген.
Уколдун таасиринен уулум операция кезинде коркуп ыйлаган менен козунон тамчы жаш чыккан эмес. Азыр кээ кезде эстеп алып кулобуз)))
Бул наристеге да ата-энеси коркуп ыйлабасын деп наркоз бердирген болуу керек.
Наристенин жаткан жери жайлуу болсун,жакындарына сабыр тилейм.