super.kg logo

Орусияда 10 баланын энеси СИЗОдо ачкадан каза болду

 

Орусияда 10 баланын энеси СИЗОдо ачкадан каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, каза болгон Наталья Ильина өткөн жылдын сентябрь айында алдамчылыкка шектелип кармалган. Маркумдун жактоочусу Ильина Нижегородский облусундагы СИЗОго которулгандан кийин жакындары менен жолугушууга тыюу салынып, тамак-аш алып барууга уруксат бербей коюшканын билдирген.

"Акыркы жолу аны сотко алып келгенде эс-учун жоготуп, өзүнө келгенде тамак сураган. Мен анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, ага медициналык жардам көрсөтүү керектигин айткам, бирок өтүнүч четке кагылган. Окуяга чейин бир жума мурун Ильина психиатриялык ооруканага жаткырылган. Бети көк ала болчу, түрмөдө катуу ур-токмокко алышканын айткан. Эртеси күнү эле каза болуп калды", - деп билдирген жактоочу. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, окуя боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.06.2019. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Он баласы каякта экен Бир адвокат жалдап актап чыгып кетпей беле.эгер эне бир баласы ошентип сизодо олтурса чыгарып кетсе керек эле
26.06.2019. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuba-savai87,бечара болсо керек акчасы тааныш билиши жок, он баласын эске алып деле коюшса болмок экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: