Ысык-Көл ОИИБи жайкы эс алууда мектеп окуучуларын жол эрежелерин сактоого чакырат
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы окуучуларды жайкы эс алууда жол эрежелерин сактоого чакырат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы ата-энелерге жол эрежелерин сактоо боюнча балдары менен иш жүргүзүү керектигин белгилеп, өзгөчө унаа жыш жүргөн жолдордон өтүүдө кылдат болуп, эрежелерди сактоого чакыруу керек.
"Балаңызга жол чырактын кызыл белгиси күйгөндө жолдон өтүүгө тыюу салынарын үйрөтүү керек. Ошондой эле балдарга дүкөнгө же досторуна барууда коопсуз болгон жолдорду көрсөтүү керек. Аялдамаларда жана коомдук транспорттордо дагы тийиштүү эрежелерди сактоо керек экенин айтыңыз. Эӊ башкысы, ата-энелер, өзүңүздөр үлгү көрсөтүп, балдарыӊыздарды жол эрежесин сактоого тарбиялаңыздар", - деп билдирет Ысык-Көл ОИИБи.
Ысык-Көл ОИИБи жайкы сезондо мектеп окуучуларын жол эрежелерин сактоого чакырат

