super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокурор: "Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча чекит коюла элек"

 

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча чекит коюла элек. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеште башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөлдүн бошотулушуна тиешеси бар же жоктугун сурады.

"Баары мыйзам талаасында каралышы керек. Эгер Атамбаевдин күнөөсү болсо жооп берүүгө тийиш, эгер күнөөсү жок болсо, ал нерсе да айтылышы керек. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна Атамбаевдин тиешеси барбы?" - деп сурады депутат.

Башкы прокурор азырынча бул маселе боюнча чекит коюла электигин айтты. "Тиешелүү адамдар да чакырылат. Буга чейин айтылган куугунтук болгонбу же болгон эмеспи, баары аныкталат. Тергөө амалдары аягына чыга элек", - деди Жамшитов.

"Бөлүнгөндү жаман көрөм, бирок Баткендин өкүлү жана депутаты катары айтарым: Алмазбек Атамбаев буга чейин көп жолу "баткендикмин" деп айтып келген. Учурда Баткенден болгон кайрылуулар көп болуп жатат. Баары мыйзам талаасында болушу керек", - деп кошумчалады эл өкүлү.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушун кайра кароо иши боюнча бардык кабарларды ушул шилтемеден окуй аласыз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: