Бишкек-Кемин трассасында автокырсык болуп, 12 киши жаракат алды
3-августта Чүйдүн Ысык-Ата районунда, тактап айтканда, Бишкек-Кемин унаа жолунун 5 чакырымында 4 унаа катышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Бул күнү саат 13:30 чамасында Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну К.Константин башкарып бара жаткан Тойота Королла унаасы Мерседес Спринтер кичи автобусу менен сүзүшкөн. Окуядан мындан башка да 2 унаа жабыркаган. Кырсыктан каза болгондор жок, 12 адам жаракат алды. Анын ичинен экөөсү жаш бала. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.