super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "Ынтымакты аздектеп жашаган коом болуш үчүн бизге бүгүн ата-бабалардыкындай эрк, күч-кайрат, тынымсыз аракет керек"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июнда Суусамыр өрөөнүндө Кожомкул Кааба уулунун 130 жылдык мааракесине арналган иш-чарага катышты.

Анда мамлекет башчы сөз сүйлөп, "ынтымакты, адамдар арасындагы асыл касиеттерди аздектеп жашаган коом, биримдиктүү журт болуш үчүн бизге бүгүн ата-бабалардыкындай эрк, күч-кайрат, тынымсыз аракет керек" деди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

"Баарыӊыздарды атактуу Кааба уулу Кожомкулдун 130 жылдык юбилейи менен чын дилимден куттуктайм! Кожомкул баатыр атактуу балбандарды жеӊип, жалпы журтка намыс алып бергени - кыска элдин кыйырына, узун элдин учуна маалым. Анын Суусамырдагы орноткон ташы, атты көтөрүп, ашуу ашканы, төөнү саздан сууруп чыгарганы, эл өтө албай, бөгөлүп калган жолду жалгыз бошоткону аңызга айланып, муундан муунга айтылып келет. Бирок Кожомкул атабыздын жан дүйнөсүнүн сулуулугу, рухунун тереӊдиги жөнүндө айтылчу сөз али алдыда", - деди президент.

Ошондой эле элдин бейпил жашоосу үчүн ынтымак, биримдиктин маанилүү экенине токтолду.

"Биз элдин биримдиги, коомдун ынтымагы бекем мезгилдерде дүркүрөп өнүккөн өлкө, күчтүү мамлекет болдук. Биримдигибиз бекем болгондо Улуу кыргыз каганаты болуп дүйнөнү дүӊгүрөткөнбүз.

Ынтымагыбыз чыӊ болгондо Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари, Чыңгыз Айтматов сындуу кеменгерлерди, Кожомкул сындуу өзгөчө инсандарды дүйнөгө бердик. Достугубуз бышык болгондо илим-билимдин, маданияттын очогу болгон байыркы Ош, атагы алыска кеткен Баласагын, айтылуу Суяб сындуу улуу шаарларды курганбыз. Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып-тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн. Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат", - деди Сооронбай Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: