super.kg logo

Мекенинде зордуктоо боюнча камалып, абактан качкандан кийин дагы кылмыш жасап издөөдө жүргөн жаран Орусияда абакта отурат

 

Мекенинде каракчылык боюнча издөөдө жүргөн Кыргыз жараны Орусиянын Новосибирск шаарында жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунда туулган 31 жаштагы У.Б. аттуу жаран буга чейин бир нече жолу соттолгон. 2014-жылдан тарта ал "уюшулган топ тарабынан курал колдонуу жана ден соолукка залал келтирүү менен коштолгон каракчылык" беренеси боюнча айыпталып, издөөдө жүргөн.

Мындан тышкары ал зордуктоо, ден соолукка оор залал келтирүү, уурулук боюнча жоопкерчиликке тартылган: 2009-жылы зордуктоо фактысы менен 10 жылга кесилген, кийин 2012-жылы жатак абакка которулган. 2014-жылы өзүм билемдик менен абактан качып, жашынып жүргөн. Буга байланыштуу ага издөө жарыяланган.

2014-жылы жатак абакта жүргөндө башка адамдар менен кылмыштарды жасаган: Сокулук айылында эки жаранды ур-токмокко алып, курал менен коркутуп, уюлдук телефондорун, ири суммадагы акчаларын жана Тойота Прадо унаасын ээлеп алган. Аны менен чогуу бул кылмышты жасагандар кийин кармалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кыргыз жараны учурда Орусияда "буюмду курал катары колдонуу же курал колдонуу менен ден соолукка оор залал келтирүү" боюнча айыпталып, жаза мөөнөтүн өтөп жатканы аныкталды. Бул жаза мөөнөтүн өтөгөн соң аны жоопкерчиликке тартуу үчүн мекенине кайтаруу маселеси каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.07.2019. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Келтирбей эле атып жок кылгыла ошондон нары
04.07.2019. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адам болбойт Буга Бир Гана себеп Аллах ОЗУ жазалайт
05.07.2019. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Даана бандит экенда тобаа, кыргызстанга апкелбей эле койгула озубуздун жиндилер жетишет ошактан эле жок болсун а то кыргызстанга келсе бат эле чыгып кетет же качып кетет бизде эми милицакананы билесинерда мышык ыйлагыдай жон эле качып кетсен болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: