super.kg logo
  Саясат  

Ахматбек Келдибеков: "Конгантиевдин Таласта запкы жегени боюнча эч кимге даттанбаганы - бул жигитчилик". КҮНСОБОЛ

 

5-июлда сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актады. Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган эле. Ал Апрель революциясына, жүзгө жакын жарандын атып өлтүрүлүшүнө алып келген Бакиевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министрлигин жетектеген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Молдомуса Конгантиев акталды. Муну реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады деп кабыл алуу керекпи?"деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-спикери Ахматбек Келдибеков жооп берди.

Анын айтымында, 2010-жылы Конгантиев курал колдонуу буйругун берген жок.

"Молдомуса Конгантиев сотто бүт далилдерди көрсөттү, мыйзамдын чегинен чыккан жок. Азыр дагы кайсы гана учур болбосун, ар бир министр жоопкерчиликти алып иштеши керек.

2010-жылы Конгантиев Таласта болгондо бирөөнү атуу же курал колдонуу болгон эмес. Ал министр катары милдетин аткарган. Таласта запкы жегени жана ал боюнча эч кимге даттанбаганы - бул жигитчилик. Молдомуса Конгантиевдин акталганы эң туура чечим", - деди Келдибеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: