super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов: "Конгантиевди актоо Бакиевди актагандай болуп калды". КҮНСОБОЛ

 

5-июлда сот мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок деп актады. Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясына байланыштуу "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык" беренелери боюнча айып тагылган. Ал Апрель революциясына, 100гө жакын жарандын атып өлтүрүлүшүнө алып келген Бакиевдин бийлигинин тушунда Ички иштер министрлигин жетектеген.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Молдомуса Конгантиев акталды. Муну реваншисттер жеңди, Апрель курмандыктарынын каны акталбады деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов жооп берди.

Анын пикиринде, Конгантиевди актоо чечимин элге түшүндүрүү кыйын болот.

"9 жыл ичинде соттук процесс кандай өттү, кимдер суралды белгисиз. Ошон үчүн соттун чечимине нааразымын. Борбордук аянтта адамдардын каза болгонуна күнөөсү жок болушу мүмкүн, анткени, ал учурда Таласта болгон. Бирок ИИМ министри катары ички иштер органдарды өзү башкарып турган.

Конгантиевди актоо чечимин элге түшүндүрүү кыйын. Бакиевди актагандай болуп калды. Эми көрөбүз. Прокуратура шаардык жана Жогорку Сотко арызданат, ошол жогорку инстанциялардын чечимин күтөбүз. Бакиевчилер ушинтип акталып кетеби? Анда кайра президент болуп келсин", - деди Мамытканов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: