super.kg logo
  Саясат  

Келечек жаңы конушунун борбордук көчөсү асфальтталды

 
Туурасынан кеткен 14 көчөнү өзүнө камтыган Келечек конушунун борбордук көчөсү. Көчөнү асфальт төшөөгө даярдоо учуру
Көчөнү асфальттоо иштери башталды
Жолчулар төгүлгөн асфальтты атайын техника үчүн тегиздеп беришүүдө
Күндүн 40 градус ысыгына карабай иштеген жолчулар. Жолдун сапатына бир жылга чейин жооп бере турган фирманын ишчилеринде да жоопкерчилик чоң
Күндүн 40 градус ысыгына карабай иштеген жолчулар. Жолдун сапатына бир жылга чейин жооп бере турган фирманын ишчилеринде да жоопкерчилик чоң
Жолчулар: "Үстүдөн күндүн, астыдан асфальттын ысыгы бетке урат. Ишибиз оор"
Асфальттын биринча катмары менен экинчи катмарынын ортосуна ушундай коюу чайыр ташталат
Көчөнүн негизги бөлүгүнө ушул оор техника асфальт төгүп берет
Жолчу: "Керектүү шаймандарды солярка менен жууп турбаса асфальт жабыша берип жүдөтөт"
Тегизделген асфальтты бул оор техникалар пресстейт
Тегизделген асфальтты бул оор техникалар пресстейт
Темир дөңгөлөк асфальтты престөөдө
Чарчаптыр...
Келечек конушунун кире бериши
Асфальт төшөлүп бүткөн көчөдө эл көп. Улуу-кичүү дебей бүткөн ишке ыраазы
Асфальт төшөлүп бүткөн көчөдө эл көп. Улуу-кичүү дебей бүткөн ишке ыраазы
Көчөдө майрамдагыдай маанай
Көчөдө майрамдагыдай маанай
Көчөдө майрамдагыдай маанай
Келечектин чаңыбай калган көчөсү. Жолдун сапаты кандай болгонун 2 аптадан кийинки текшерүү аныктайт
Келечектин чаңыбай калган көчөсү. Жолдун сапаты кандай болгонун 2 аптадан кийинки текшерүү аныктайт

Бишкектин Келечек жаңы конушундагы борбордук көчө асфальтталды. Алгач өз билемдик менен көчөгө жакын курулган дүкөн, тосмолор бузулуп, көчө кеңейтилген. Август айынын башында узундугу 1 чакырым 200 метр болгон көчөгө толугу менен асфальт төшөлдү. Ары-бери унаа өткөн сайын чаңдын арасында калган жашоочулардын кубанычында чек жок. Келечектиктер "Биздин көчөдө да майрам болот" деген ушу турбайбы деп жаткан учур. Ал эми жолдун сапаты тууралуу Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рахатбек Сүйүмкулов буларды айтты: "Көчөнүн узундугу 1,2 чакырым, туурасы 6,60 метр болду. 1,5 метрлик тротуар да кошулду. Жолдун сапаты 2 аптадан кийин текшерилип, асфальттын курамы жана лабораториядан текшерүүдөн өтөт. Кокустук болуп эле бузулуп кетпесе, 1 жылга чейин жолдун сапатына жол курган фирма жооп берет". 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: