Жалал-Абад. Тогуз-Тородо эки айылды бириктирген 36 метрлик көпүрө курулууда
Тогуз-Торо районунда эки айылды бириктирген 36 метрлик жаңы көпүрө курулууда. Райондун акими Тилек Идирисовдун билдиришинче, көпүрөнүн узундугу 36 метр. Ага жалпы 39 миллион сом сарпталып, республикалык бюджеттен 20 миллион сом берилди. "Жаңы көпүрө Бирдик жана Арал айылдарын байланыштырат. Эски көпүрө учурда авариялык абалда",- дейт Идирисов.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

