super.kg logo
  Саясат  

Депутат Сайдулла Нышанов: "Атамбаев суракка барбай жүрө берсе, өлкөнүн экономикасына зыян кылышы мүмкүн". КҮНСОБОЛ

 

8-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аны суракка чакыруу кагазы жеткирилген. Бирок ал суракка барбай турганын айтып, бийликти укуктук талаага, ченемге барууга чакырган. Жактоочусу түшүндүргөндөй, суракка чакыруу кагазы Атамбаевдин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес, партиянын өкүлүнө тапшырылган. "Бул чакыруу Атамбаевди Жогорку Кеңеш экс-президент статусунан ажыраткандай эле мыйзамсыз" деди адвокат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Атамбаев суракка чакырылды. Ал суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов жооп берди.

Анын айтымында, мындай кырдаалда мыйзам талаасына түшүүдөн башка жол жок.

"Ар бир жаран мыйзамга баш ийиши керек. Атамбаевдин адвокаты "Жогорку Кеңештин чечими мыйзамсыз" деп айтып жатат. Эгер мыйзамсыз деп эсептесе, анда "бул иш мыйзамсыз, мен акмын, суроолоруңар болсо жооп берем" деп суракка барып койсо жакшы болмок. Биз 21-кылымда жашап атабыз, кайра 16-17-кылымга кетпешибиз керек.

Эгер Атамбаев суракка барбай жүрө берсе, инвесторлорду чочутуп Кыргыз Республикасынын экономикасына зыян кылышы ыктымал. Бутуна туруп келе жаткан өлкөнүн аксап калуусуна шарттарды түзүп коюшу мүмкүн. Бирок акыры келип мыйзам талаасына түшөбүз деп ойлойм. Башка жолубуз жок", - деди Нышанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: