super.kg logo
  Саясат  

Депутат Чыныбай Турсунбеков: "Атамбаевдин айланасындагы кырдаал консенсус менен бүтөт деп ишенем". КҮНСОБОЛ

 

8-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аны суракка чакыруу кагазы жеткирилген. Бирок ал суракка барбай турганын айтып, бийликти укуктук талаага, ченемге барууга чакырган. Жактоочусу түшүндүргөндөй, суракка чакыруу кагазы Атамбаевдин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн колуна тапшырылган эмес, партиянын өкүлүнө тапшырылган. "Бул чакыруу Атамбаевди Жогорку Кеңеш экс-президент статусунан ажыраткандай эле мыйзамсыз" деди адвокат.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Атамбаев суракка чакырылды. Ал суракка баруудан баш тартты. Окуянын мындан ары өнүгүүсү туңгуюкка кептелдиби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков жооп берди.

Анын айтымында, ар бир кызмат мыйзам чегинде өз ишин аткарышы керек. "Алмазбек Атамбаевдин позициясы баарыбызга түшүнүктүү. Түзүлүп калган кырдаал консенсус, өз ара түшүнүшүү менен бүтөт деп ишенем. Ар бир мамлекеттик орган мыйзам чегинде иш алып барышы керек. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз", - деди Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: