super.kg logo

Бир тууганын балта менен чаап өлтүргөн деп шектелген жарандын иши сотко өттү

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда бир тууган агасын балта менен башка чаап өлтүрдү деп шектелген жарандын иши сотко өттү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул ишти Кара-Суу райондук соту карап баштайт.

"Маркум инисин Орусиядан ооруп жатканда дарылатам деп алып келген. Бул жакка келгенде дагы ичимдик иче бергенден ал дарылануусу текке кетип жатканын айтып урушчу экен. Окуя болордон бир күн мурун шектүүнүн ичип жаткан ичимдигин алып койгон. Эртеси ал ушундан улам окуяга барганын көрсөтмөсүндө айтып берген", - деди басма сөз кызматкери.

Окуянын чоо-жайы:

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Маданият айылынын 47 жаштагы тургуну 48 жаштагы бир тууган агасын балта менен башка чаап өлтүрдү деп шектелип кармалган. 1-апрелге караган түнү таңкы саат 4:00 чамасында милицияга кабар келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ башына миздүү буюм менен сокку жеп өлтүрүлгөн кишинин жансыз денесин табышкан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: