super.kg logo

Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен унаанын айдоочусу аман калып, 1 жүргүнчү каза болду

 

Ак-Буура дарыясына унаа менен түшүп кеткен 2 адамдын бири аман калып, экинчисинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 10-июль күнү саат 12:00 чамасында Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында болгон.

"Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылынын тургундары 28 жана 18 жаштагы эки жигит ВАЗ 2107 унаасы менен Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Автоунааны айдап бара жаткан 28 жаштагы жигит суудан чыгууга жетишкен, ал эми унаанын жүргүнчүсү машина менен кошо агып кеткен", - дейт басма сөз кызматы.

Айдоочу ооруканага жеткирилген, ал эми 18 жаштагы жигитти издөө жарыяланып, анын жансыз денеси Алчалуу айылынын жанындагы Ак-Буура дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.07.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Авто унаа айдаганда эч качан кызуу кандыкка алдырбаш керек техника "кечирбейт" катааны.
Жол эрежеси жон эле ойлоп табылган эмес
11.07.2019. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kombi,эрежени сакташ керек
Айрыкча катаал жерлерде: суунун ббоюнда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: