super.kg logo

Издөөдө жүргөн Орус жараны ок атуучу курал менен Жалал-Абад шаарынан кармалды

 

8-июлда Жалал-Абад шаарынын тургуну мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшүп, тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүшкө алган.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада Жалал-Абад шаарында убактылуу жашап жүргөн Орусиянын Астрахань шаарынын 45 жаштагы А.Ю. аттуу жараны шектүү катары кармалган.

"Шектүү сурак учурунда ок атуучу куралды Жалал-Абад шаарында жайгашкан мүрзөлөрдүн бирине көмүп койгонун айткан. Далил буюм катары 7,62 калибрдеги колго жасалган Иж К-20 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы жана 20 даана ок табылган. Алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Белгилей кетүүчү жагдай, тергөөнүн жүрүшүндө шектүү А.Ю. Орусияда экстремисттик кылмыштарга байланышкан кылмыш иши боюнча 2012-жылы соттолуп, жазасын өтөп жатканда жатак абагынан качып кеткен. Ал издөөдө жүргөнү да аныкталды", - деп билдирет басма сөз кызматы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
11.07.2019. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маленкий Ганконг деп жөн жерден айтылбаган да Жалалабад
11.07.2019. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала топучан туугандардан баарын кутсо болот ,бул кетиште дагы бир кун чыгышат булар
12.07.2019. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maks_shop ала топучанга окшобойт. Европеиддей го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: