Президент Алмазбек Атамбаев айыл чарба жана мелиорация министрин кабыл алды

Бүгүн, 5-августта президент Алмазбек Атамбаев айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Анда мамлекет башчысы 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Аларга ылайык, 2017-жылга карата 50 миң гектардан аз эмес жаңы сугат жерлери иштетүүгө берилет, ал эми сугат жана ичүүчү суу менен 80 миң дыйкан чарбасы же 200 миңден ашык адам кошумча камсыз болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:55
2025-07-10

Рейтинг:
0

