Бишкекте "Шапалак баатыр" мелдеши өттү. Интернет колдонуучуларынын реакциясы
Бишкекте 13-июлда "Шапалак баатыр" аталышында жаакка чабуу боюнча мелдеш өттү. Ага 70 килограммдан 100 килограмм салмактагы бардык каалоочулар катышты. Иш-чарага кыргыз эстрада жылдыздары калыстык кылды.
Эреже боюнча катышуучу төрт манжасы менен атаандашын жаакка чабышы керек. Бул учурда атаандашы буйтап кетпей, соккуну кабыл алат. Эрежени сактап, жаракат албагандар жеңүүчү аталып, акчалай сыйлык алышты.
Мелдеш интернет колдонуучулар арасында түрдүү пикирлерди жаратты. Алар:
"Уткан киши "Табак бет" деген наамга ээ болот да ээ?"
"Көрүп жатып эле бетим ооруп кетти".
"Уят эле башка оюн калбай калдыбы? Таптакыр туура эмес".
"Ушундайга кыздарды койсо кандай болот? Кызык..."
"Чоң эле кишилер, кыларга иши жокпу?"
"Байкуштар, беттерин кармап эле жатып калышса керек".
"Эй! Аялын жаакка уруп өзүн кыйын сезген эркектер! Кыйынсыңарбы? Мелдешке баргыла. Кандай кыйын экениңерди мелдештен чыгаргыла! Алсыз аялыңарды урбай".
Шапалак баатыр мелдеши өттү



















1 |