super.kg logo

Жалал-Абадда "11 жашар баланы скотч менен байлап, бычактады" делген эжеси учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө

 

Жалал-Абад облусундагы Cузак районунда 11 жаштагы инисинин өлүмүнө шектелип жаткан 14 жаштагы кызга карата соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, даярдалган экспертизанын жыйынтыгы качан чыгары белгисиз.

Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат катчысы Кымбат Кадыралиева шектүү кыз чоң атасына убактылуу өткөрүлүп бергенин айтты.

"Азыр кызга карата экспертизалар дайындалып жатат. Биз кыздан чоң атасы менен чогуу жашай турганын айтып сураганыбызда макул болгон. Негизи ал ошол адамга жакын окшойт", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы:

Cузак районунун Каңды айылында 8-июлда 11 жашар баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү маалым болгон. Маркумдун денеси өз үйүнүн кире беришинен колу-буту скотч менен байланган абалда табылган. Анын денесинде 20дан ашык бычактан алган жаракаты бар экени аныкталган.

Бул факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголуп, тергөө үчүн сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Кийинчерээк баланын өлүмүнө анын бир тууган эжеси шектелип жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
15.07.2019. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй булодогу пикир келишпестиктер балага тер таасир этет. Балким ата энеси коп урушаттыр же болбосо. Башка себептерден баланын психикасы бузулган
15.07.2019. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Психикасы бузук немени чон атасына бербей эле озунчо болуп кармашса болбойбу, чон атасында скочтоп койбосун этият болгула
16.07.2019. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жин кирип кетиши мумкун. Жин чыгарган молодолорго алпарып окутуш керек. Бакшыга эмес молдого мечитен сураса кучту молдокелердин адресин айтат
16.07.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге Бат эле эжесин куноолу кп атышат?Факт барбы биздикилер чала иштеп кыздын тагдырын талкалабаса болду,анан дагы каттагы подчеркти текшериш кк кыздыкыбы точно
16.07.2019. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча эжесинин бул ишке тиешеси жок.Кылмышкер башка адам.
,,Сенден балан аркылуу өч алдым-деп кыз жазмак беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: