super.kg logo

Азимжан Аскаровдун иши 30-июлда Чүй облустук сотунда каралмай болду

 

30-июлда Чүй облустук сотунда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш иши каралат. Бул тууралуу "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму билдирди.

Маалым болгондой, соттук отурум 16-июлда саат 09:00дө болмок, бирок соттук коллегиянын курамы толук эмес болгонуна байланыштуу 30-июлга жылдырылды.

2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыны тастыктаган. Аталган комитет Кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.

Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган.

68 жаштагы Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында башаламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
15.07.2019. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Эми дагы эмнесин караш керек Чыгарбаш керек туура эле жазаберген бул кишиге
15.07.2019. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чыгарсанар ХХХХХ!!!!
Модератор admin_portal түзөттү 2019-07-16 09:11:59
15.07.2019. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
чыгарбаса 100 миллион долар алалбай калышат коросунорго ак кан болуп калыптыр жашыда бир топко келип калыптыр деген шылтоо менен чыгарат да 100.миллионду синдиришепейби
15.07.2019. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мунудагы астына кызыл гилем жайып узбекстанга учуруп жиберишет окшойт биздин ойу жок чондор эркелетпей нары камабайсынарбы
16.07.2019. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
БУУдан коркуп чыгарсанар Кыргыз мамлекетенин алсыз экенин корсотосунор чыгарбагыла туура чечим кылган кайсыл сот болсо дагы бабай жөн эле олтура бербейби мамлекет багып аткандан кийин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: