Атамбаев: "1-2 күнгө чет өлкөгө барып келишим мүмкүн"
Бүгүн, 15-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтары менен жолугууга чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал Кыргыз өлкөсүнөн узак убакытка кетпей турганын айтты. "Мени кетип калат деп ойлобой эле коюшсун. Мүмкүнчүлүк болсо 1-2 күнгө гана чет өлкөгө эс алууга же мөөнөтсүз иштер менен барып келишим мүмкүн. Кайсы өлкөгө экенин айтпай эле коёюн. Өз учуру келгенде өзүм же басма сөз кызматым баарын айтып берет", - деди Атамбаев.
Мындан тышкары ал учурда ыр жазууга ыңгайлуу убакыт эмес экенин белгиледи. "Жазылып бүтө элек ырларым бар", - деди экс-президент.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
-11

