Нарында ата-бала күйүүчү майга ууланды. Атасы ооруканада каза болду
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында май сактоочу резервуардын ичин тазалап жатып, ата-бала күйүүчү майдын жытына ууланышкан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ууланган жарандар 52 жаштагы И.Э жана 18 жаштагы Э.Э. болушкан. Куткаруучулар жабыркагандарды резервуардын ичинен чыгарып, "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Алар Ак-Талаа районундагы ооруканага жеткирилип, 52 жаштагы И.Э аттуу жаран ооруканада каза болгон. Ал эми анын уулу Э.Э.нин абалы оор.
Бул окуяга 4 куткаруучу тартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.