"Эки күн скутерде уктадым". Дайынсыз жоголуп табылган Казак жараны окуя тууралуу айтып берди
Ысык-Көл облусунда скутер менен дайынсыз жоголуп табылган Казакстандын жараны М.Аркадий окуяны айтып берди. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматкери кабарлады.
Казак жараны 2 күн бою скутерде болуп, үчүнчү күнү скутер чөгүп кеткенин айткан. Андан кийин Кажы-Сай тарапка 5 чакырымдай өзү сүзүп барганын билдирген.
"Скутер менен көлдүн түштүк жээгин көрүп келүүнү ойлогом. Бирок 20 мүнөт жүргөндөн кийин эле майы түгөнүп калды. Артка кеткенден көрө түштүк жээкке барууну ойлодум. Менде коопсуздук жилети жана сууга түшүүгө ыңгайлашкан шым эле бар болчу. Катуу толкундан скутер Каракол тарапка багыт алып жатты. Мен 2 күн бою скутерде болдум. Колдон келишинче скутерди бир калыпта кармоого аракет кылдым.
Экинчи түнү жарыктарды көрүп, скутерди колум менен айдап сүзгөнгө аракет кылдым. Дагы катуу шамал болду. Эртең менен Кажы-Сай тарапта болуп калганымды билдим. Ошол убакта скутер чөгүп кетти. Анан өзүм 5 чакырымдай сүзүп жөнөдүм. Колдорум чарчап, капталдап, чалкалап сүздүм. Жээкке аз калганда дарак бар экен, ошону кармап жээкке чыгып, анан ошол жерде эс алдым. Жолго чыгып Кажы-Сайдан чолок шым, бутума тапичке сатып алып, Балыкчыга андан соң пансионатка келдим", - деген Казак жараны.
Ошондой эле басма сөз кызматы учурда Ысык-Көл РИИБи Казак жаранын берген көрсөтмөсү боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалайт. Аны менен бирген скутердин ээсинин жазган арызы да каралууда экенин баса белгилейт.
Дайынсыз жоголгон Казак жараны окуяны айтып берди


Акчасын каякка катты экен анча Кажы-сайдан кийим сатып алганга)))))