Шамиль Атаханов сурак учурунда өзүн жаман сезип, ага "Тез жардам" кызматы чакырылды

Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановго сурак учурунда "Тез жардам" кызматы чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМден билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 18-июлда саат 13:30да ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү Атахановду суракка чакырышкан. Сурак учурунда экс-чиновник өзүн жаман сезип, тергөөчү "Тез жардам" кызматын чакырды. Дарыгерлер аны ооруканага алып кетишти.
Шамиль Атаханов буга чейин Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган эле. Кийин тергөө менен кызматташууга барганына байланыштуу баш коргоо чарасы өзгөртүлгөн. Бирок кандай болуп өзгөртүлгөнү боюнча ИИМ 19-июндан бери айтпай келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-09
22:08
2025-07-08

21:43
2025-07-08
Рейтинг:
-1

! Эл тушунмойунчо бийлик тушунбойт! Аникени бийликке келген бироо элдин катврынан эле барат
!