super.kg logo
  Саясат  

Адвокат: "Атамбаев үчүнчү жолу суракка мыйзамсыз чакырылып жатат. Ички иштер министрине кат жазам"

 

Адвокат Сергей Слесарёв"Алмазбек Атамбаевдин үчүнчү жолу суракка мыйзамсыз чакырылып жатканы боюнча ИИМ министрине кат жолдойм" деп бүгүн, 18-июлда SUPER.KG порталына экс-президенттин жактоочусу Сергей Слесарёв билдирди.

Белгилүү болгондой, Атамбаев эртең саат 10:00гө суракка чакырылган.

"Алмазбек Атамбаевди ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы бүгүн үчүнчү жолу суракка чакырганын ЖМКлар аркылуу уктум. Азыркы тапта чакыруу кат менин колума тие элек. Кандай болсо да бул чакыруунун юридикалык күчү жок. Анткени мыйзамда көрсөтүлгөндөй, экс-президенттин кол тийбестиги бар. Мен мыйзам дагы бузулганын баса белгилеп, ИИМ министрине кат жолдойм", - деди Слесарёв.

Буга чейин 8-июлда жана 11-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына күбө катары суракка чакыртылган. Буга байланыштуу Атамбаев билдирүү таратып, суракка барбай турганын кабарлаган. Ал эми анын жактоочусу "мыйзам экинчи ирет бузулууда" деп билдирген болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: