super.kg logo
  Саясат  

Нариман Түлеевдин жубайынын коттеджи жана унаасы конфискацияланат

 

Ленин райондук сотунун чыгарган чечимине ылайык, ЖКнын депутаты, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жубайы Зарема Эшмамбетованын өзүнө таандык болгон Ысык-Көлдөгү коттеджи, 2009-жылы чыгарылган В0888S номерлүү Лэндровер үлгүсүндөгү унаасы конфискацияланат. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Түлеевдин жактоочусу Кубанычбек Ташбалтаев билдирди. Эске сала кетсек, 29-июлда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Нариман Түлеевди мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн режимдеги абакка 11 жылга кескен. Ошондой эле Бишкек мэриясынын Автоунаа ишканасынын экс-директору Медет Кожебергеновду 13 жылга күчөтүлгөн режимде мүлкүн конфискациялоо менен эркинен ажыратышты. Бишкектин мурдагы вице-мэри Валерий Корниенкону дагы күчөтүлгөн режимдеги абакка мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарылды. Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Руслан Бейшенбаевдин мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга, мэриянын мамлекетти сатып алуулар бөлүмүнүн мурдагы башчысы Билимбек Токтобековду 10 жыл, "Тазалык" мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыковду 5 жыл күчөтүлгөн режимде абакка кесүү тууралуу өкүм чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: